Омар Карами май айындагы шайлоого чейин өлкөнү башкарып турмакчы. Ал бардык партияларга "улутту сактап калуунун" бирдиктүү өкмөтүн куроого жардам сурап кайрылды. Сирияны колдогон Карами мындан эки жума мурда экс-премьер-министр Рафик Хараринин өлтүрүлүшүнө байланыштуу башталган массалык толкундоолордон улам кызматынан кеткен эле.
Бирок оппозициянын бир нече жол башчысы Караминин "бирдиктүү" өкмөт түзүү сунушун четке кагышты. Мыйзамгер Генва Лалоул Сирия Ливандагы 14 миң аскерин чыгарып кетмейинче, анын партиясы Караминин өкмөтүнө кошулбай тургандыгын маалымдады. Ливандын коргонуу министри Абдул Рахим Мрад Ройтерс агенттигине бир нече миң сириялык аскер өлкөдөн чыгарылып жатат.