Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Грузиянын парламенти Орусиядан аскер базаларын алып чыгып кетүүнү талап кылып жатат


Грузиянын парламенти анын аймагындагы Орусиянын эки аскер базасын өлкөдөн чыгарып кетүүнү талап кылган резолюцияны бир добуштан колдоду. Документте айтылгандай, эгерде 15-майга чейин базаларды алып кетүүнүн так датасы аныкталбаса анда Грузия келерки жылдын 1-январында базанын ишин токтотууга аракет кылат. Эгерде орус тараптан буга далалат жасалбаса грузин өкмөтү базалардагы аскерлерге Грузияда жүрүүгө виза бербей койушу мүмкүн.
Негизинен Орусиянын Коргоо министрлиги өзүнүн аскерий базаларын Грузиянын аймагынан үч-төрт жылда чыгарып кетүүнү сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG