Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Кыргызстандын бир катар аймактарында 11-мартта нааразылык акциялары улантылды. Алар президенттин кызматтан кетишиин талап кылышууда. Бирок президенттин басма сөз катчысы оппозиция ушундай талап кое бере турган болсо, президент Акаев өз ыйгарым укугун тастыктоо үчүн референдумга барышы ыктымалдыгын билдирди.

Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев өлкөдөгү жана жер-жерлердеги кырдаалды мындайча баалады:

- Нарын, Жалалабат, Ош облустарда кырдаал өз ордуна келе баштады. Эл акырындап үйлөрүнө кайтып жатат. Кырдаал жакшы болууда. Бардыгы иштеп жатат. Жергиликтүү администрациялар даярдыгын күчөтүүдө. Башкача айтканда, өлкө экинчи турду өткөрүүгө даяр.

10-мартта түзүлгөн Элдик биримдиктин координациялык кеңешинин штаб башчысы Азимбек Бекназаров болсо абалды мындай баалады:

- Абал мурдагыдай эле. Жалалабатта эл облусттук админитрациянын имаратын курчаган бойдон турат. Таласта чыңалуу күчтүү. Жээнбеков менен Шерниязовдун адамдары катуу турушат. Нарын облусунда да ошондой. Ал жерде элди кууп таратууга аракет жасалды. Азыр мына Ошто боз үйлөр тигилди. Элдин саны улам өсүүдө.

Булардын баарынын талабы бир, ал - Акаевдин кызматтан кетүүсү, деп белгиледи Азимбек Бекназаров. Ал эми президенттин басма сөз катчысынын Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн дагы беш жылга узартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү билдирүүсүнө карата Бекназаров мындай пикирин ачыктады:

- Бул боюнча мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов башында турган күч бир жылдан бери иштеп келген. Мүмкүн буга чейин айта албай келаткан эле, мына эми аны акыры айтышты. Референдумга барып, Аскар Акаевди эл колдойт деп, алып калабыз дегендей айтышууда.

Анын айтымында, бул маселе толугураак ачыкталгандан кийин оппозициялык күчтөр жообун берет.

Жалалабат шаарындагы митингдин катышуусучу Шайырбүбү Мамбетова нааразылык акциясына чыккан себеби тууралуу буларды билдирди:

- Мен митинг башталгандан бери ушул жерде турам. Талап - Акаев кетсин. Үйбүлөсү менен Кыргызстанды бийлеп албасын. Кетсин. Биздин балдардын да эртеңки келечеги болуш керек. Биз ошол балдарыбыздын келечеги үчүн күрөшүшүбүз керек.

11-мартта Аксуу шаарчасында 300дөй адам нааразылык акциясына чыгышып, Аксуу-Бишкек жолун тосууга барышты. Алар жолду бир сааттан ашык убакыт тосуп, андан кийин ачышты. Акциянын максаты тууралуу Сапар Аргымбаев телефон аркылуу Аксууудан кабарлады:

Таза шайлоо болбогон үчүн, Аскар Акаев Конституциянын кепили катары таза шайлоо өткөрбөгөнү үчүн биз бүгүн акцияга чыктык. Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып жатабыз.

Анын айтымында, Аксуу шаарчасында «Эл уюму» аттуу уюм түзүлдү. Ал Курманбек Бакиев башында турган Элдик биримдик координациялык кеңешине кошулду.

Ал эми Оштогу кырдаал тууралуу Анвар Артыков буларды билдирди:

- Облустук админитарциянын алдында үч күндөн бери пикет болуп жатат. Бул жерде Дүйшөн Чотоновдун тарапкерлери, анан Шарк айыл өкмөтү, Наримандан келген кишилер турушат. Жалпысынан миң кишинин тегерегинде болуп жатат. Бирок дагы көбөйөт. Себеби кошулабыз дегендер өздөрү чыгууда. Негизги талап бийликти алмаштыруу .

Нарында 11-мартта эч кандай нааразылык акциясы болгон жок деп кабарлашты Ишенбай Кадырбековдун штабынан. Бирок түшкү саат экиде Турсунбек Акун баш болгон 30 адам Нарындан Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыгышты. Турсунбек Акундун айтымында, алар Бишкекке келип Акүйдү курчоого алып, президенттин кызматтан кетишин талап кылмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG