Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

ОШ ШААРЫНДА МИТИНГ ӨТТҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 11-март күнү Ош шаарында Каракулжа жана Карасуу райондорунан келишкен шайлоочулардын митинги болуп өттү. Ал жыйында эки күндөн бери биринчи жолу элге чыккан губернатор Кубаныч Жолдошев сөз сүйлөп, шайлоочулардын койгон талаптарын өлкөнүн жетекчилигине төкпөй-чачпай жеткирем деп убада кылды.

Митингдин жүрүшүндө «Атажурт» жана Кыргызстан элдик кыймылдарынын өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, өлкөдөгү саясый кырдаалга баа беришти. Наарызылык акциясынын лидерлеринин бири Сатыбалды Кыдырмышев өлкөдөгү абалды жөнгө салыш үчүн президент Аскар Акаев бийликтен токтоосуз кетүүгө тийиш деген пикирин билдирди:

- Бүгүнкү ыймансыз бийликти желкеден алып ыргытар мезгил келди. Биз Алайкуу, Каракулжа эли ошондой эле жүрөгү "кыргыз" деп соккон ак ниеттүү жалпы Жалалабат эли көтөрүлүп чыгып, чындык издеп жаткан ушул кыймылга толугу менен кошулабыз.

Нааразылык акциясынын жүрүшүнө эки күндөн бери байкоо жүргүзүп жаткан «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдырасулова жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн элдин алдына чыгып, ахыбалын сураганга жана талаптарын угуп койгонго адамдык эрктери жетишпей жатат деп айыптады:

- Накен Касиевдин жок экенине, ал кишидей адам ушул жерде калбаганына, элдин алдына чыгып, элдин жүрөгүндөгү сөздү айтып, «Эмнеге турасыңар бул жерде, кандай убайыңар бар, мен кандай жардам бере алам» деп сурап кое турган бийликтин бир өкүлү жок экендигине мен чындап бүгүн өкүнүп турам, - деди Азиза Абдырасулова.

Митинг ортолоп калган учурда Ош облусунун губернатору Кубанычбек Жолдошов облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси жана прокурордун коштоосунда эл алдына келип сөз сүйлөдү. Облус губернатору Кубанычбек Жолдошев парламенттик шайлоонун биринчи айлампасын өткөрүүдө чындыгында эле бир катар кемчиликтер кетирилгендигин моюнга алаарын айтып, алардын экинчи ирет кайталанышына жол бербөөгө убада берди:

-Нааразычылык болуп жатат, демек, митинг болуп жаткан жерлерде бизден кемчилик кетиптир. Моюнга алыш керек. Ошол жердеги участкалык комиссиялардан да, акимден да, менден да кетиптир кемчилик. Силердин ушул сөзүңөрдү жеткиргенге аракет кылам, урматтуу туугандар.

Шаардын борбордук аянтында эки күндөн бери турушкан Каракулжадан жана Карасуудан келишкен жөө жүрүшчүлөр облус губернатору Кубанычбек Жолдошев алардын жекече маселелерин чечип берүүгө убада кылгандыгына карабастан, президент Аскар Акаев бийликтен кетмейинче үйлөрүнө таркабай тургандыктарын айтышты:

-Тартип сактадык, укук коргоо органдарын элге аралаштырбагыла, кагыштырбагыла. Аксы окуясынын экинчи кайталанышынын кереги жок. Сиздерге да, бизге дагы. Бирок биз адилеттикти талап кылып келгенбиз. Ал эми адилеттик Аскар Акаев кетмейинче орнобойт. Биз Акаевдин гана кетишин талап кылабыз! - деди Мурадыл Бакашов.

Ош шаарындагы нааразылык акциясынын катышуучулары 11-марттан баштап президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү демилгесин колдоо үчүн кол топтой башташты. Кол топтоочулардын бири Бермет Жакыпова кечки саат төрткө карата демилгени колдогон 587 адам чыкканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG