Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯНЫН ТИРЕШИ


Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын Кыргызстандын калкына жолдогон кайрылуусу саясий чөйрөдө ар кыл пикирлерди, жоромолдорду жаратып жатат. Мурда маалымдалгандай 20 депутат кол койгон кайрылуу бейшембиде ачык асман алдында өткөн парламенттик угууда кабыл алынып, анда президенттик чукул шайлоо өткөрүү, парламенттик шайлоону жараксыз деп табуу жана буга байланыштуу Жогорку Кеңештин кош палатасынын иш мөөнөтүн узартуу талап кылынган.

Депутаттар мындай кайрылууну парламенттик шайлоодон улам өлкөдө түзүлгөн жагдай менен байланыштырышты. Алардын баамында биринчи айлампада бардык округдарда өзүнө ыңгайлуу талапкерлерди өткөрүш үчүн ырасмий бийлик шайлоого ачык кийлигишип, ал ашынган мыйзам бузууларга, элдин массалык нааразылыктарына алып келди.

Жер-жерлерде көтөрүлүп жаткан эл азыркы бийликке ишенбей калды деп эсептеген депутаттар Жалалабат, Ош, Нарын облустарындагы, Тоң районундагы нааразылык чараларына таянышты, бийликтин кризисин чукул жөнгө салууну президенттен талап кылышты.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын 20 депутатынын бул кайрылуусун ушул эле күнү Жогорку Кеңештин жаңы шайланган 26 депутаты Конституцияга каршы келет деп, бул кайрылуу үчүн оппозицияны айыптады. Ушундай эле билдирүү менен Кыргызстан элдери ассамблеясы, шаарлар ассоциациясы да чыгышты. Президент Аскар Акаев кечки телеберүү аркылуу элге кайрылуусунда оппозицияны акыркы аракеттери үчүн сынга алды.

Ал эми жума күнү президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев президенттин кызматтан кетишин, чукул президенттик шайлоону, парламенттин мөөнөтүн узартууну талап кылган кайрылуу боюнча кескин билдирүү жасады:

- Биринчи айлампада колдоо таба албай калган биздин оппозициячылар, ишмерлер, саясатчы сөрөйлөр радикалдык кадамдарга баруу аракетин жасашууда. Муну бийликтин пикирин билүү үчүн атайын жасалган чагым дегенден башка эч нерсе айта албайм. Алар эч нерсе кыла алышпайт.

Президенттин маалымат катчысынын айтымында, мурдагы экс-премьер министр баштаган оппозициялык саясатчылар жеке кызыкчылыктары үчүн элди дүргүтүп жатышат.

Расмий бийлик элди башкара албай калды деп эсептеген оппозиция, тескерисинче, азыркы шартта элдин башында болгусу келет, бирок муну жеке кызыкчылык менен эмес, Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу түзүлгөн саясий кырдаал менен байланыштырат. Маселен, «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева бийликке умтулган айрым саясатчылар элди дүргүтүп жатат деген пикирге кошулбайт:

- Биз оппозиция, керек болсо, элдин артынан жете албай жатабыз. Эл алдыга алып кетип атат. Элдин нааразылыгы төгүлүп атат. Биз болсо артта калып атабыз.

Роза Отунбаева элдик биримдик координациялык кеңеш ушул кенемтени толтуруп, азыр толкуп турган элди ыкка келтирүү максатында түзүлдү дейт. Курманбек Бакиев жетектеген бул кеңеш түзүлгөндүгү тууралуу маалымат бейшембидеги парламенттик угуудан кийин таратылган.

Мындай аракеттерди айрым талдоочулар кыйла мезгилден бери баш бириктире албай келаткан оппозиция жасаган олуттуу кадам катары баалап, алардын кубаты улам артып баратканын айтышат. Маселен, «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын айтымында, бийлик оппозиция менен конструктивдүү иштешүүнү, маселени тегерек үстөлдө сүйлөшүп чечүүнү каалабайт, ошондуктан, өлкөдөгү бийликтин одоно мыйзам бузууларын четтетүү багытында учурда олуттуу иш жасап жатат:

- Мырза Бакиев жетектеген улуттук координациялык кеңеш – бул оппозициянын эң жакшы чечими болду. Анткени, алар топ-топ болуп, дагы эле бириге албай жатышкан. Бүгүнкү күндө баары биригип, бир күч менен таза, түшүнүктүү стратегиялык жана тактикалык иштерди жасап жатышат.

Төлөкан Исмаилованын баамында оппозициянын дагы бир ийгилиги – анын катарындагы интеллигенция өкүлдөрүнүн санынын артып жаткандыгы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG