Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

Оштун губернатору нааразылык акциясына чыккандар менен жолугушту


ОШ. Нааразылык жыйынынын башында «Ата Журт» жана Кыргызстан элдик кыймылдарынан келишкен атайын өкүлдөр сөз сүйлөшүп, кийинки учурдагы өлкөдө пайда болгон саясий кырдаалга баа беришти. Нааразылык акциясынын лидерлеринин бири Сатыбалды Кыдырмышев өлкөдөгү абалды жөнгө салуу үчүн президент Аскар Акаев бийликтен токтоосуз кетүүгө тийиш деген пикирин билдирди. Андан соң нааразылык акциясынын жүрүшүнө эки күндөн бери байкоо жүргүзүп жаткан «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн элдин алдына чыгып акыбалын сураганга жана талаптарын угуп койгонго эки күндөн бери адамдык эрктери жетишпей жатат деп айыптады. Митинг орто чендеп калган учурда Ош облусунун губернатору Кубанычбек Жолдошев элге чыгып сүйлөп, кетирилген кемчиликтерди жөнгө сала тургандыгын убада кылды. Ош шаарындагы нааразылык акциясынын катышуучулары 11-марттан баштап президент Акаевди бийликтен кетирүү демилгесин колдоо үчүн кол топтой башташты. Кол топтоочулардын бири Бермет Жакыпова кечки саат төрткө карата демилгени колдогон 587 адамдын колу топтолгондугун кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG