Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:37

Базаркоргондо шайлоочулардын наарызылык митинги болду


ЖАЛАЛАБАТ. «Атамекен» партиясы менен «Атажурт» кыймылынын облустук бөлүмү уюштурган митингге миңден ашык адам катышты. Депутаттар Өмүрбек Текебаев жана Дооронбек Садырбаев бийликке сын көз менен караган талапкерлерге тоскоолдуктар жасалып жаткандыгына токтолушту. Бийликтин учурдагы саясатын сындап келишкен жарандар парламенттик шайлоонун экинчи айлампасын эркин, калыс өткөрүү, президент Аскар Акаевдин бийликтен кетүү талаптарын коюшуп, 13-марттагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы таза өтпөсө, ага жооп иретинде адекваттуу акциялар, атап айтканда Ош-Бишкек жолун тосуу, митинг, пикеттерди бийлик имараттарынын алдында уюштуруу чаралары болоорун билдиришти. Ушундай эле акция Ноокен районунда болуп өткөнүн «Атамекен» партиясынын облустагы катчысы Асылбек Текебаев маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG