Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Экс-депутат аким болду


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Владимир Толоконцев Бишкектин Свердлов райондук администрация башчылыгына дайындалды. Ага негиз берген буйрукка президент Аскар Акаев 10-мартта кол койду. Президенттин ушул эле күнкү жардыгы менен мурдагы аким Юрий Шкуропатов өз арызы менен бошотулду. Ал эми Владимир Толоконцев 9-мартта парламенттин эки палатасынын депутаттарынын жолугушуусунда парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн билдирип, мамлекеттин келечеги үчүн кооптонуп тургандыгын жарыя кылган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG