Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Тышкы иштер министрлиги АКШнын баасына макул эмес


БИШКЕК. 11-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укуктары, демократия жана эмгек боюнча бюросунун өлкөдөгү кырдаалга баа берген ырасмий докладына байланыштуу билдирүү таратты. Анда АКШнын мамлекеттик департаменти бул жолу да Кыргызстандагы ички саясий абал, анын ичинде адам укуктарынын абалына баа берүүдө калыс жана бейтараптуулук принцибин сактай алган жок жана айрым саясий окуяларга бир жактуу баа берди деп билдирди. Андан тышкары билдирүүдө Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгына баа берген АКШнын айрым ырасмий өкүлдөрү ЕККУнун эларалык байкоочуларынын «добуштарды сатып алуу болду», «шайлоочулардын тизмеси так болгон жок», «маалымат каражаттары чектелди» деп ашыра чаап берген баасын колдошту деп, АКШ өз алдынча калыс жана негиздүү баа бере албай жаткандыгын белгиледи. Ушундан улам тышкы иштер министрлиги АКШ мындан ары ырасмий доклад даярдоодо ички саясий абалды кылдат байкайт деп ишенгендигин да жарыя кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG