Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Саясий партия КМШ жетекчилерине кайрылды


БИШКЕК. 11-мартта «Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши билдирүү таратып, анда КМШдагы мамлекеттердин башчыларын Кыргызстандагы акыркы кырдаалды талкуулап, иштиктүү чечим кабыл алууга чакырды. Партиянын билдирүүсү боюнча, президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылууга толук негиз бар жана Жогорку Кеңешке шайлоону жараксыз деп табуу зарыл. Парламенттик шайлоодон кийин пайда болгон кыйын кырдаалга президенттин түздөн-түз тиешеси бар, бирок ал эч качан кызматынан кетпейт деген партия өлкөдөгү кооптуу кырдаалдан чыгуунун бир жолу - шайлоону жараксыз деп таап, азыркы парламенттин мөөнөтүн узартуу керек деп билдирди. Ал эми президент Аскар Акаев 10-марттагы элге кайрылуусунда шайлоодон өтпөй калган саясатчылар өлкөдө башаламандыкты түзүп жатат деп билдирип, элди коомдук бейпилдикти сактоого чакырды.

XS
SM
MD
LG