Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Париж клубу тышкы карыздын бир бөлүгүн кечти


БИШКЕК. Кредиторлордун Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызынын 124 миллион долларын кечти. Мындай маалыматты 11-мартта каржы министрлиги таратты. Париж клубу андан тышкары 431 миллион доллар өлчөмүндөгү тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартты. Анын коммерциялык кредитинин 50 проценти кыскартылып, 50 процентин Кыргызстан 23 жылдын ичинде төлөп берет. Маалыматка караганда, Париж клубунун мындай чечимге келишине кыргыз өкмөтүнүн кедейликти кыскартып, экономикалык өнүгүүнү колдоо боюнча үч жылдык программаны аткарганы өбөлгө болду. 2005-жылдын 1-февралына карата Париж клубуна өлкөнүн карызы 555 миллион долларды түзгөн. Ал эми ушул жылдын 1-январына карата Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү 1 миллиард 949 миллион 769 миң доллар. Бул береселердин ичинен 574 миллиондон ашык доллар Дүйнөлүк банктан, 477 миллиону Азия өнүгүү банкынан, 248 миллиону Жапониядан, 207 миллиону Эларалык валюта корунан жана 181 миллиону Россиядан алынган.

XS
SM
MD
LG