Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

ИСПАНИЯ АЗА КҮТТҮ


11-март – Испанияда улуттук асирет күнү. Мындан туура бир жыл мурда Мадридде төрт поездде бомба жарылып,191 киши апат болгон. Бүткүл өлкө боюнча былтыркы кыянаттын курмандыктарын эскерген азалуу иш-чаралар өткөрүлдү. Мунун алдында Мадридде дүйнөлүк коомчулуктун өкүлдөрү терроризмге каршы күрөшүү жолдорун талкуулаган атайын конференция уюштурушту.

11-март күнү эрте мененки саат 7ден 37 мүнөт өткөндө Мадриддеги жана анын жака-бакасындагы чиркөөлөрдө коңгуроо кагылды. Былтыр дал ушул маалда Аточа вокзалында биринчи бомба жарылган эле. Буга удаалаш шаардагы дагы бир чоң станцияда – Эл-Посодо – экинчи кызыл жайма кыянат болгон. Төрт поездде баары болуп он бомба жарылган, андан 190дон ашуун киши опот кетип, 1800дөй адам жарадар болгон.

Балаамат болгон жерлердин баарында эл аягы үзүлбөй турду. Шейиттерди эскергени келгендер шам жагып, гүлдестелер коюшту.Чак түштө бүт өлкө моло таштай мостоюп, беш мүнөт аза күттү. Курман болгондордун арбайына арналып Мадриддин багында атайын таат өткөрүлдү. Ибаадатка испан падышасы Хуан Карлос, канайым София катышты. Ушул эле жерде ырасмий өкүлдөрдүн катышуусу менен эстелик комплекси ачылды.

Өлкөдө өткөн азалуу жыйындарда сөз сүйлөнгөн жок. Былтыркы балааматтан азар тарткандар коому жана шейит кеткендердин тууган-уруктары бул асирет күндү саясий окуяга айлантканга караманча каршы болушкан эле. Алардын көбү атүгүл эскерүү иш-чараларына келишкен жок.

Мадриддеги кыянаттар үчүн жоопкерчиликти “Ал-Каиданын” Мароккодогу тобу өзүнө алган. Бул ишке тиешеси бар деген шек-шыбаа менен жүздөн ашуун киши кармалды, алардын жыйырмадайы түрмөдө отурушат. Камалгандардын көбү – марокколуктар. Тергөө аяктаган соң алардын соту болот.

11-мартты испандыктар өздөрүнүн “11-сентябры” деп аташат. Өкмөт атайын антитеррордук орган түзүп, ага бир нече кызматтар тартылган эле. Бирок алиге чейин марокколуктар террордук балааматтарды кантип уюштурганы так аныктала элек. Евросоюз да Мадриддеги окуялардан соң антитеррордук иштерди координациялоо боюнча борбор ачып, анын башчысын дайындаган. Бирок бюрократиялык тоскоолдуктардан улам иш илкип-калкып, алга жыла элек. Ушул жана башка маселелер Мадридде өткөрүлгөн эл аралык конференцияда да сөз болду. Форум демократия, терроризм жана коопсуздук урааны астында өттү. ООНдун баш катчысы Кофи Аннан терроризм эркиндиктин эң түпкү негиздерине - адам укуктары жана мыйзам улуктугу принциптерине - сокку урууну көздөп жатканын белгилеп,эгер экстремисттерге каршы күрөштө бул принциптер садага чабылса, анда дүйнө террористтерге утула турганын эскертти.

Сүрөттө: 2004-жылдын 11-марты. Мадриддеги темир жол вокзалы.

XS
SM
MD
LG