Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Эмдиги аптада Женевада ООНдун комиссиясы кезектеги сессиясын баштайт


Ага Чеченстандагы адам укуктарынын абалы жөнүндөгү резолюция кайрадан сунуш кылынышы мүмкүн. Бирок Россия бул меселе боюнча ким бирөөгө саясий чайкоочулук кылганга жол бербейт, деп айтты орус тышкы иштер министринин орунбасары Юрий Федотов. Ал ООНдун адам укуктары боюнча комиссиясынын сессиясына орус делегациясын жетектеп бармакчы. Дипломат Россиянын жетекчилиги Чеченстандагы кырдаалды саясий жолдор менен чечүүнү көздөйт жана бул процесс азыр жүрүп жатат деп эсептейт. ООНдун адам укуктары боюнча комиссиясынын мурдагы эки сессиясында Евросоюз Чеченстандагы абалды сынга алган резолюция сунуш кылып, эки ирет тең документ кабыл алынбай калган эле.

XS
SM
MD
LG