Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Ирактан бүгүн украиналык 150 солдат мекенине жол тартты


Украинага алар эмдиги аптанын алгачкы күндөрү келмекчи. Президент Виктор Ющенко жарыялаган планга ылайык, Ирактан бардык аскерлерди чыгаруу иши быйыл жыл этегине чейин аяктоого тийиш. Киев өкмөтүнүн бул кадамын АКШ түшүнүү менен кабыл алганын Вашингтондо украин тышкы иштер министри Борис Тарасюк менен жолуккан соң кечээ мамлекеттик катчы Кондализа Райс ырастады. Эки өлкөнүн ортосундагы азыркы мамилелерди жогору баалап, Ирактагы кырдаалды жөнгө салууга кошкон салымы үчүн Украинага Райс ыраазылык билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG