Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Кредиторлордун Париж клубу 10-марттагы жыйынында Кыргызстандын 124 миллион долларлык карызын кечти. Бул окуяга байланыштуу 12-мартта чоң жыйын болуп, анда президент Аскар Акаев Париж клубунун чечими Кыргызстандын эл аралык коомчулуктун алдындагы кадыр-баркы жогору экендигин айгинеледи деп билдирди.

Париж клубунун чечимине арналган жыйынга өкмөттүн мүчөлөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ишкерлер катышты. Жыйында Париж клубуна мүчө мамлекеттерге ыраазылык айтылып, Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын 60 жылдыгына карата ардагерлерге таазим көрсөтүлдү жана президент алардын көзүнчө «Күрөө жөнүндөгү», «Ишканалардын карызын жоюу» жөнүндөгү мыйзамдарга кол койду.

Адегенде президент Аскар Акаев Париж клубу Кыргызстандын 600 миллион долларга жакын карызын жойгондугун сүйүнчүлөп, бул чечим Кыргызстандын мындан аркы экономикалык өнүгүүсүнө даңгыр жол ача турган баа жеткис жетишкендик деп баалады. Президенттин баамында, Париж клубунун чечими Кыргызстандын экономикалык жана саясий жактан алдыга умтулган туура саясат жүргүзүп жаткандыгын далилдеди:

- Бул дүйнөлүк коомчулуктун биздин мамлекет менен тилектеш экендигинин, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык, экономикалык жана демократиялык реформаларды колдоосунун далили.

Каржы министрлиги тараткан маалымат боюнча, Кыргызстан Париж клубуна 555 миллион доллар карыз болчу. Бул карыздын 249 миллион доллары коммерциялык, 306 миллиону жеңилдетилген кредит болгон. Париж клубу коммерциялык кредиттин 50 процентин же 124 миллионун кечип, калган 431 миллион долларды төлөө мөөнөтүн 23 жылга чейин узартып, алдыдагы 7 жылда кредиттен алынчу үстөк пулун төлөтпөй турган болду.

Президент Акаевдин айтымында, Париж клубу мындай жардамдарды өзүнө-өзү жардам берген мамлекеттерге гана көрсөтөт. Кыргызстан иш жүзүндө өзүнүн ошондой аракети бар экендигин айгиленелегенден кийин карыздан кечти деген президент чет өлкөдөн келген каражатты сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу дагы ага өбөлгө түзгөндүгүн баса белгиледи:

- Биздин мамлекет өзүнүн эң сарамжалдуу экендигин иш жүзүндө көрсөтө алды. Биздин өлкө чет элдик каражаттарды хан сарайларды курууга жана элдин керегине жарабай турган ооз көптүрмө долбоорлорго сарптаган жок. Париж клубу мына ушуну эске алып,баа берди.

Ал эми Кыргызстандагы айрым экономисттер менен саясатчылар мындай баага макул эмес. Ишкер Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, бул тескерисинче Кыргызстандын эл аралык каржы институттарынын алдындагы мажүрөөлүгүн далилдеп койду:

- Албетте, мажүрөө экономиканын азабынан ошолорго жалдырап барып жатабыз. Улам-улам алардын айтканын жасап жатып өзүбүздүн экономикалык саясат жок болду. Ар бир адам өзү көтөрүлүп чыкмайынча башка жактан келген жардам эч көмөк көрсөтө албайт. Тескерисинче, көлгө чөктүрүп жибериши толук мүмкүн.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Николай Байлонун баамында, бул кыргыз өкмөтүнүн жеңиши эмес бул дүйнөлүк дөө-шаа мамлекеттердин Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга таасир көрсөтүү максаты менен жасап жаткан саясий соодасынын жемиши болду:

-Эмне үчүн дегенде азыр Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга таасир көрсөтүү үчүн үч мамлекет- Россия, АКШ жана Кытайдын ортосунда күрөш жүрүп жатат. Ошон үчүн бул чечимди соодалашуу теңгеси деп койсок болот.Алар өз таасирин теңдештирүү үчүн ушундай чечимге барды. Бул жерде кыргыз өкмөтүнүн экономикалык жана дипломатиялык эмгеги жок

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты жана банкир Болот Байкожоевдун баамында, Париж клубу Кыргызстандын 555 миллион долларлык карызын толук кечип коюуга кудуреттүү болчу. Бирок, клубга мүчө мамлекеттер Кыргызстан өзү жарыя кылгандай демократиялык принциптерди сактаар сактабасын салмактоо үчүн гана 124 миллионун кечип, президенттик шайлоого чейин сыноо мөөнөтүн койду деп билдирди:

- Конституцияны, мыйзамдардын талабын сактайсыңарбы же сактабайсыңарбы деген сыноо койду. Эгер биз аны сактабай турган болсок, анда Кыргызстандын эртеңки күнүбүдөмүк, керек болсо октябрдан баштап банкрот болуп, дефольтко түшүп калат.
XS
SM
MD
LG