Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Аба ырайы тууралуу маалымат


Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 13-14 март күндөрү жаан-чачындын тынымсыз жаашына байланыштуу республиканын Ош, Жалалабат, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош автожолдорунун 132-138- жана 198-251-чакырым аралыктарында ошондой эле, Нарын-Торугарт автожолдорунда көчкү жүрүшү мүмкүн.

13-мартта Кыргызстанда жамгыр жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз +6...+11 градус.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –1...+4, күндүз +3...+8.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +11...+16 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +7...+12.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн –4 ... +1, күндүз +1...+6 градус.
БИШКЕК шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы, түнкүсүн +2...+4, күндүз +8...+10.


Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Мира Аманбаева тааныштырды.

XS
SM
MD
LG