Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Парламенттик шайлоонун экинчи турун өткөрүүгө Таласта зарыл даярдыктар көрүлүп бүттү


ТАЛАС. Бул тууралуу облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жантөш Жусупбеков «Азаттыкка» маалымдады. Биринчи турдагы эң башкы кемчилик деп эсептелген шайлоочулардын тизмеси дагы бир жолу такталды. №54 Талас шайлоо округунда 40 миң 272, №55 Бакайата шайлоо округунда 39 миң 427 шайлоочу тизмеге киргизилди. Добуш берүүнүн жүрүшүнөн отчет алып туруу үчүн 71 шайлоо участогунун баардыгы телефон байланышы менен камсыз болду. Шайлоону өткөрүүнүн финансылык маселеси да чечилип, 568 миң сом участокторго бөлүндү. Ал эми Демократия жана атуулдук коом үчүн колициясынын аймактык өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, алар 71 участоктун ар бирине экиден көз карандысыз байкоочу жибере турган болду.

XS
SM
MD
LG