Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Жалалабадда 4-мартта башталган нааразылык акциясы улантылды


ЖАЛАЛАБАД. Ишембидеги акцияга Жалалабад, Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы, Ташкөмүр аймактырынан эки миңден ашык, ал эми облустук бийликтин маалыматы боюнча 500 адам катышты. Кыргызстан элдик кыймылынын бөлүмү уюштурган митинг элдин эсебинен жашаган бийлик жетекчилеринин митингчилердин талабына көңүл бурбаганына нааразы болушту. Башкы максатына жетмейин шайлоо күнү да акция токтотулбай тургандыгын жарыялашты. «КДК» партиясынын башчысы Виктор Черноморец бийликтин Аскар Акаевге болгон элдин ишеничин билүү үчүн референдум өткөрүү ою бар экенин белгилеп, белгилүү ырчы Сагынбек Момбеков түндүк-түштүк партиясын түзүү демилгесин көтөрүштү.

XS
SM
MD
LG