Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Парламенттик шайлоого эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар катышат


Бишкек. 13-мартта Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого 200 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзөт. Шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, КМШ өлкөлөрүнүн, АКШнын Улуттук Демократиялык институтунун өкүлдөрү байкоо салышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты. Шайлоого ошондой эле 10 миңден ашуун жергиликтүү көз карандысыз байкоочу катышат. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы, Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар Ассоциациясы тарабынан жуздөгөн байкоочулар даярдалды. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар отчетторун жарыялашат.

XS
SM
MD
LG