БИШКЕК. 12-мартта Чүй облусунун Аксуу шаарчасында 200гө чукул адам таза шайлоону камсыз кылуу талабы менен нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Эл биримдиги координациялык кеңешинин Аксуудагы бөлүмүнүн штаб башчысы Сапар Аргымбаев кабарлады. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү бул жерде да антимитинг уюштурууга аракет жасоодо жана аны өткөрүү жума башына белгиленүүдө.