Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Кыргызстанда шайлоо алдындагы саясий кырдаал күчөөдө


БИШКЕК. Кыргызстандагы саясий абал парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алдында курчуп баратат. Өзгөчө Ош шаарындагы кырдаал опурталдуу. Бул тууралуу 12-мартта Эл биримдиги Координациялык кеңеши өткөргөн жыйында айтылды. Кеңештин мүчөлөрү жер-жерлердеги нааразылык акцияларынын катышуучуларына карата күч колдонула баштагандыгын сынга алышты. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын маалыматына караганда, 11-мартта Чүй облусундагы Ивановка айылында нааразылык акцияга чыккан 300гө жакын пикетчинин 50гө жакыны милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынды. Ал эми ички иштер министрлигинин маалымат кызматы жана Чүй районунун ички иштер бөлүмү мындай маалыматты төгүнгө чыгарышты. 12-март күнү да Ивановка айлында 100дөн ашуун адам пикетке чыкты. Алар №59 Чүй округунан парламентке талапкер Туратбек Андашевдин кайрадан катталышын талап кылышууда. Эл Биримдиги Координациялык кеңешинен билдиришкендей, эгерде бийлик мындан ары да мыйзам бузууларга барса, өлкөдөгү кырдаал курчуп кетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG