Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Өзгөн районунун акимчилигинин имараты бошотулду


БИШКЕК. 11-мартта кечинде Ош облусунун Өзгөн районунун администрациясынын имараты пикетчилер тарабынан бошотулду. Район акиминин орун басары Бердибек Султановдун «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча имарат пикетчилер менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бошотулду. Пикетчилер 13-марттагы шайлоого катышуу үчүн үйлөрүнө тарап кетишти. Алар эгерде 13-мартта өтө турган парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар орун ала турган болсо, кайрадан нааразылык акцияга чыга тургандыктарын билдиришти. Өзгөн районундагы 27-февралдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон шайлоочулар 7-мартта митингке чыгып, администрация имаратын ээлеп алышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG