Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

А. Акаев: эл аралык каржы уюмдар Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн тааныды


БИШКЕК. Париж клубу тарабынан Кыргызстандын 124 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү карызы жоюлушу- Кыргызстандын жеңиши жана эл аралык каржы институттарынын өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн тааныгандыгы. Мындай пикирин президент Аскар Акаев 12-мартта Париж клубунун Кыргызстандын бул каржы уюмунун алдындагы карыздарын реструктуризациялоо боюнча кабыл алган чечимине арналган жыйында билдирди. Париж клубу тарабынан Кыргызстандын 431 млн доллар өлчөмүндөгү тышкы карызын төлөө мөөнөтү узартылды. Макулдашууга ылайык, бул өлчөмдөгү карызын Кыргызстан 23 жылдын ичинде төлөп берүүгө тийиш. 2005-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандын Париж клубуна болгон карызы 555 млн долларды түзгөн. Президент Акаев «Күрөө жөнүндөгү» жана «Ишканадлардын карызын жойуу жөнүндөгү» мыйзамдарга кол койгондугу жөнүндө маалымдады. Президенттин пикиринде, бул мыйзамдардын кабыл алынышы өлкөгө көбүрөөк инвестицияларды тартууга жол ачат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG