Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Таласта шайлоочулар нааразылык чарага чыгышты


БИШКЕК. 12-мартта түнкү саат 10дон өткөндө Талас облустук администрациясынын имаратынын алдына 2 миңге жакын шайлоочу нааразылык чарага чыкты. Алардын митингке чыккандыктарынын себеби шайлочууларга административдик кысым көрсөтүлүп, акча жана башка товарларды таркатуу аркылуу добуштарды сатып алуу аракеттери болду. Нааразылык чарага келген шайлоочулардын бири Кемен Баялинов буга байланыштуу «Азаттыктын» кабарчысына мындай деди:
«Бийлик өкүлдөрү тарабынан мына эки айдан бери ар кандай мыйзам бузуулар болуп жатат. Бир туруп, акча таратышат, арак таратышат. Бийлик өзү таза шайлоо өткөрөлү дейт да, кайра эле өзү каалагандай мыйзам бузууларга барып жатат. Биз эртең таза, акыйкат шайлоо өтсүн деп, ушул жерге келип отурабыз», - деди К. Баялинов.
Митингке чыккандар ошону менен бирге 12-март күнү №54 Талас шайлоо округундагы 600гө жакын шайлоочунун паспорттору ар кандай шылтоолор менен мугалимдер тарабынан чогултулуп алынгандыгына да нааразылыктарын билдирип жатышты. Алар администрациянын имаратынын алдында облус губернатору Искендер Айдаралиевдин чыгып, эл менен жолугушуусун талап кылышты.

XS
SM
MD
LG