Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

ӨЗГӨН РАЙОНУНУН АКИМЧИЛИГИНИН ИМАРАТЫ КАЙРАДАН АКИМЧИЛИККЕ ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛДИ


Замира Кожобаева, Өзгөн 7-марттан бери шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушкан жана президент Акаевдин отставкасын талап кылган адамдар ээлеп турушкан Өзгөн районунун акимчилигинин имараты 11-март күнү кайрадан акимчиликке өткөрүлүп берилди. Буга район жетекчилиги жана нааразылык билдиришкен адамдар эки таратуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин кетишти.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушкан жана президент Акаевдин отставкасын талап кылган адамдар 7-март күнү Өзгөн райондук акимчилигинин имаратын ээлеп алышкан болчу. Өздөрүнүн талаптары тууралуу акциянын катышуучулары «Азаттыкка» төмөнкүдөй билдиришкен:

- Мен Жунусова Токтокан. Биз бийликти талашып чогулганыбыз жок. Ачка калганыбыздан, кыздар-балдарыбыз талааларда кул болуп жүргөнүн, кыйналганыбыздан, укугубуз тебеленип кор болгондуктан Аскар Акаевди бийликтен кетсин деп жалпы миңдеген адам чогулуп атабыз.

- Мен Эрмекбай Турганбеков Өзгөн районун тургуну болом. Мен пенсионремин, пенсияны алып үйдө жата бербей, боорум ооруп карапайым элге, эл кыйналып, кысталган мезгилде келген жайым.

Акциянын катышуучуларынын айтуусу боюнча алгач нааразылык шайлоонун жыйынтыгынан, шайлоонун жүрүшүнө райондук жетекчилигинин кийлигишкенинен улам ушундай кадамдар башталган. Бирок эки күндөн кийин катышуучулардын талабы өзгөрүп, элди социалдык-экономикалык жактан кыйынчылыкка дуушар кылган президент Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кыла башташкан. Бул тууралуу Ийрисуу айыл өкмөтүнүн жашоочусу Сапаралы Жусубалиев:

- Демократия деп коюп бийлик элди алдап жатат. Мындай демократия болбойт. Себеби приватташтыруу деп аябай чоң кедейчиликке алып келди. Приватташтыруу ойдогудай болгон жок.

Ал эми Өзгөн районунун акиминин биринчи орунбасары Бердикул Султановдун айтымында 11-март күнү жергиликтүү бийлик жана нааразылык билдирип чыккан адамдардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин акимчиликтин имараты райондук жетекчиликке тынч өткөрүлүп берилген. Ал эми имараттын эч жери жабыркаган эмес:

- Имаратты тынчтык жолу менен алдык. Күч колдонгон жок, жаман-жакшы айтышуулар болгон жок. Митинг кылып жатканда, ушул жерде кечке жүрүп өзүм баш болуп эл менен сүйлөшүп, аралашып, туура иштерди жүргүздүк - деген Бердикул Султанов 7-марттан берки күндөр ичинде акимчиликтин иши үзгүлтүккө учурабагындыгын билдирди:

- Биз убактылуу райондук имаратка көчүп барып, ошол жерден
өзүбүздүн телефондорду толук иштетип, райондогу иштерди токтотпостон жүргүздүк.


Ал эми нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири Умсунай Ражапованын айтымында, шайлоочулар райондук жетекчиликтен шайлоого кийлигишпөө тууралуу сөзүн алгандан кийин жана 13-мартта болуучу шайлоого катышуу үчүн тарашкан:

- Акимчиликке бийлик шайлоого эч кандай аралашпасын дедик. Эгерде аралаша турган болсо эртең мындан да көп болуп келип турабыз деп кайттык.

Учурда Өзгөн райондук акимчилигинде райондук жетекчилик өз ишин тынч жүргүзүп жатат.
XS
SM
MD
LG