Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:39

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ МИТИНГ УЛАНУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Бишкек Жалалабад облустук бийлигинин алдында 4-мартта президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү талабы менен башталган митинг 12-мартта да токтогон жок. Ишенбидеги митингде өлкөнүн кадр жана социалдык-экономикалык саясаттары сынга алынып, башкы талабы орундалмай сайын митинг улантыла берилерин жана Аскар Акаев бийликтен сөзсүз кетет деген ишеничтерин билдиришти митингчилер.

Облбийлик алдында президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн жана президенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда, жекшембидеги парламенттик шайлоону таза өткөрүү талабында турган митингде Аскар Акаев кетсин деген чакырыктар айлананы жаңыртып турду. «Жаштардын келечеги жаңы бийлик менен. Аскар Акаев турганда таза шайлоо болбойт. Өлкөбүзгө тынчтык керек» деген ураандуу тасмаларды көтөргөн жаштар жөө жүрүш жасады. Губернатор Жусупбек Шарипов алар башка адамдардын укугун эске албаганына токтолду:

- Америка жөнүндө айтып атышат, Америкада мыйзамдан бир кадам чыксаң, сөзсүз жоопко тартылат. Бизде болсо талкалап, мыйзам бузуулар болуп атат.

Бийлик эл арасына негизсиз ушак таратып, митингчилерге каршы тескери саясат жүргүзүүдө:

- Ал жерге студенттер барбашы керек, тебеленди болуп калат деген ушактар жүрүүдө. Бийлик бүгүн акыркы күчүн жумшап, элди өзүнө тескери тукуруп атат - бул Камила Калиеванын ою.

Митингчилер өз максаты үчүн чечкиндүү турушат. Кетейин деген ою жок бийлик элди ойлобой калган:

- Элдин турушуна менин көзүм жетет. Ал эми бийлик өз ыктыяры менен кетишине көзүм жетпей турат. Башка чара колдонуш керек болуп калды окшойт - деди ал жөнүндө Жусупбек Бакиев.

4-марттан бери облбийлик имаратын ээлегендердин бири Төрөкан Алимов:

- Аскар Акаев сиздин китепке жазылган жазуу менен турмуш башка нерсени көрсөтүп турат. Себеби сиздин жазган теорияңыз элдин аң-сезимине толук жетпегендигине байланыштуу ишке ашпай атат. Аткаруу бийлиги сиздин айткан сөздөрүңүздүн бирин да аткарган жок, аткарууга жөндөмү да жетпей экен. Ошондуктан сиз бул кызматта турушка эч кандай акыңыз жок. Тезирээк кетсеңиз ошончолук жакшы болоор эле - деп Аскар Акаевге кайрылды.

Таанымал ырчы Сагынбек Момбеков жаңы партия түзүүгө элди чакырды:

- Курмандыкка чалынбашыбыз үчүн Түндүк-түштүк тең демократиялык партияны баштап алсак. Туугандар ортодо биз «Алга, Кыргызстан» болбой «Аңга Кыргызстан» болуп кирип кетпейли аңга.

Кыргызстанда бийлик алмашса Борбор Азияда өзгөрүү башталмак:

- Кыргызстанда биринчи Акаев алмашса, Орто Азияга жол ачабыз. Орто Азиядагы бүт президенттер алмашат деген ойдомун. Тоталитардык доор кетпесе Орто Азиянын келечеги болбойт - деген оюн айтты Асан Шакир.
XS
SM
MD
LG