Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

ЖАРАНДЫК КООМ ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ АДИЛЕТ ӨТҮШҮНӨ КҮНӨМ САНАЙТ


Парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы аяктап, борбордук шайлоо комисиясынан билдиргендей 13-мартта өтө турган шайлоонун экинчи айлампасына баардык даярдыктар көрүлдү жана ага 10 миңге жакын байкоочу катышат. Ал эми өлкөнүн бей өкмөт уюмдары шайлоо алдында мониторинг жүргүзүп, айрым шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар болуп жаткандыгын билдиришти.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун биринчи айлампасында 15 миңге жакын жергиликтүү байкоочулар катышкан. Алар шайлоонун өтүшү тууралуу өз отчетторунда жарыялап, шайлоо участкаларында орун алган мыйзам бузуулар тууралуу билдиришкен. Бей өкмөт уюмдун өкүлдөрү, шайлоо учурунда негизги мыйзам бузуулар-добуш сатып алуу экенин айтышкан. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эткен бир да мыйзам бузуу болбогондугун айткан:

- Бир дагы бизге жеткен мыйзам бузуу, шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эткен бир дагы мыйзам бузуу болгон жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы мыйзам бузуу фактылары болгон жок деп билдиргени менен «Жарандак коом коррупцияга каршы» коомдук бирикмесинин координатору Марат Казакбаев шайлоонун биринчи айлампасында административдик кысым болгонун айтты да, азыр шайлоо алдында да ушундай көрүнүштөр байкалып тургандыгын төмөндөгүдөй билдирди:

- Бизде 11 аймак боюнча 6 узак мөөнөттөгү байкоочу мониторинг жүргүзгөн. Аябай көп добуш сатуу фактылары Асанбай аймактарында болду. Бирок эң чоң мыйзам бузуу Университет аймагында болду. Аябай чоң административдик кысым болду. Азыр деле ушундай көрүнүштөр байкалып турат. Жатаканаларга киргизбей, айрым талапкерлердин агитаторлорун уруп, сабап койгонго чейин барышып, кагаздарын айрып салган фактылар орун алды. «Пирамида» телеканалы боюнча көрсөткөн берүү – бул фарс, анын баары монтаж жолу менен жасалган. Ал эми биринчи айлампада кээ бир шайлоочулар маркировкасы жок эле добуш берип койгон. Өзгөчө бул Университет боюнча шайлоо учаткаларында байкалган.

Өлкөдөгү бей өкмөт уюмдар шайлоо өнөктүгү боюнча мониторинг жүргүздү. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун билдиргенине караганда, шайлоонун экинчи айлампасынын алдында добуштарды сатып алуу жана башка мыйзам бузуулар жок эмес.
Ошондой эле Эдил Байсалов айрым депуттыка талапкерлердин экинчи турга жетпей эле соттун чечими менен шайлоо ат салышынан чыгарылып салуу чечимне соттор бекер жеринен кызыкдар эмес экенин белгилеп кетти:

- Бизди тынчсыздандырган бир канча аймактарда, кечээ эле кээ бир аймактарда экинчи айлампага өткөн талапкерлерди, соттун чечими менен талапкерлиги алынып салынды. Биздин оюбузча, сот процесстери таза өткөн жок. Тилеке каршы биздин соттор акчага сатылып, акыйкаттыкты да, мыйзамды да тебелеп салып, эл шайлаган бир канча талапкерлерди экинчи айлампага жеткирбей алып салышты. Бул албетте адилет шайлоолор менен жыты да жок.


Ал эми «Бей өкмөт уюмдар» ассоциациясынын президенти Токтайым Үметалиева шайлоонун экинчи туру 27-февралда өткөн биринчи турдагыдай эле мыйзам бузуулар менен өтөт деген оюн мындайча билдирди:

- Өткөн шайлоолордун өзгөчө мүнөздөмөсү –шайлоочулардын үнүн сатып алмайы болду. Азыр деле ушул көрүнүш сакталып жатат. Азыр ар бир аймактан добуш сатып алганды тапса болот. «Адилет» партиясын алып чыкканга аракет жасап жатышат, башка ресурстар «Алга Кыргызстан» партиясын алдыга чыгарганга аракет жасап жатат. Биринчи айлампада деле калыстык болгон жок, экинчисинде деле ушундай болот деп ойлойм. Мындан тышкары, экинчи айлампада дагы карама каршылык күчөп кетпесе болду. Буга чоң негиз бар.
XS
SM
MD
LG