Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ ӨТҮП ЖАТАТ


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда бүгүн саат 8.00дөн таптып өлкөнүн 40 шайлоо чөлкөмүндө добуш берүү башталды. Ага 1,5 миллиондой шайлоочу катышып жатат. Саат 10го карата алардын 121 миң 534ү же 8,47 % добуш беришти. Эң активдүү добуш берип жаткан аймактардын катарында Ош шаарынын, Талас жана Баткен облустары бар. Бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча айрым аймактарда шайлоо мыйзам бузуулар менен өтүп жатат.

"Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициясынын маалыматы боюнча Бишкек шаарындагы №1 Университет шайлоо чөлкөмүндө комиссиянын башчысы Инна Ким өзү көрсөтмө берип, байкоочуларды добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салууга тоскоолдук кылып жатат. Ушул эле округда шайлоочуларды автоунаалар менен ташып келип, добуш бердиртип жатышат.

13-мартта 40 шайлоо чөлкөмүндө жарыш жүрүп жатат. Бишкектеги №3 Гагарин шайлоо аймагынан атсалышкан талапкер Камчыбек Жолдошбаев биринчи айлампада утуп чыкты деп эсептелди. Ошентип бүгүнкү күнгө карата 32 депутаттын ысымы белгилүү. Бүгүн үч жерде - №33 Нарын, № 34 Кочкор жана №59 Чүй шайлоо чөлкөмдөрүндө добуш берүү болгон жок. Бул жердеги саясий өнөктүктөр кийинкиге жылдырылган.

XS
SM
MD
LG