Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: «ЭЛ ӨЗҮ КОЗГОЛДУ»


Тандоо укугу бузулган шайлоочулардын тизмеде калгандарды түгөл чийип таштоо аркылуу нааразылык билдирүүсү Кыргызстанда жаңыдан башталып аткан жөрөлгө. Анын натыйжасында №34 Кочкор чөлкөмүндөгү шайлоодо калган талапкерлердин бир да бирөө жеңишке жете алган жок. Шайлоо атаандаштыгы ушу тапта сот залында улантылууда. Ал тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп кабарчыбыз аталган шайлоо чөлкөмүндө атаандаштыктан четтетилген талапкер Акылбек Жапаровду кепке тартты.

- Билесиз, Кочкордогу добуш берүүнүн жыйынтыгы Кыргызстандын шайлоо тарыхындагы өзгөчө бир окуя болду. Эми шайлоонун биринчи айлампасы өткөндөн кийинки жагдай жөнүндө айтсаңыз.

- Талапкер Турдакун Усубалиев менен анын ишенимдүү өкүлү Сардарбеков БШКга арыз жөнөтүшкөн экен. Анда “26-27-февралда үгүт иштери жүргүзүлгөн, көп мыйзам бузуулар болгон, ошол себептен баарына каршы деген 14 691 добушту алып салып эле Т.Усубалиевди депутат кылып шайлап койгула”, деген маанидеги арыз менен кайрылган.

Ал арызды караш үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Башкы прокуратурадан, юристтерден, Борбордук шайлоо комиссиясынын эки мүчөсү арызды толугу менен карап чыгышып мындай бүтүмгө келишти: Шайлоо кодексинин 46-беренесине ылайык эгер шайлоо күнү бир да участкадан жыйынтыкталып аткан күнү арыз келбесе, андан кийинки арыздар мыйзам боюнча каралбайт жана шайлоо жыйынтыгы сот аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн эмес. Муну биз Шайлоо кодекси жазылып атканда киргизгенбиз. Бирок ага карабастан, БШК мунун баарын сот чечсин деп өзүнүн токтому менен ишти сотко жөнөтүп койду.

Процессуалдык кодекс боюнча арыз берилген жеринде, мыйзам бузулган жерде каралашы керек. Ошондуктан бул кишилер арыздарын Кочкор райондук сотуна беришкен. Бирок сот аны карабай койду. Анан эми арызды Бишкектин Биринчимай райондук сотуна беришти. Ал жерден И.Кадырбековдун талапкерлигин алып коюшканын уктум.

Мына, ошол жерге барып дегеле сот практикасында, эларалык практикада болбогон кадамга барабыз деп жатышат. «Болгону 14691 добушту алып салабыз да Т.Усубалиевди депутат кылып беребиз деген, ошондой сигналдар кетти» деген сөз болуп атат.

Мен эми кантсе да 5 жыл Мыйзам чыгаруу жыйынында иштегенден кийин мыйзамдын негизинде сот болот го деген оюм бар. Же болбосо сот болбой эле, шайлоо болбой эле бул талапкерди чыгарабыз деп аны дагы бир жолу Кочкорго алып барса жанагы каршыбыз деген кишилердин саны кескин түрдө 2-3 эсе көбөйөт деп ойлоп атам.

- Акылбек мырза, жарыбаган добушка ээ болуп, бирок соттордун колу менен депутат болуп келишти эле. Жаңы Шайлоо кодексинде элдин көпчүлүк добушун алалбай, анткен менен сот аркылуу депутат болуп келүүгө дагыле «жылчык» жер калды беле?

- Тилекке каршы, калып калыптыр. Анткени биз Конституцияда жазып койгонбуз. Ар бир жарандын сотко кайрылууга укугу бар. Ошондой жылчык бар экен. Мына, Белорусиядан келген өкүлдөр айтып атышат. Көп эле өлкөлөрдө арыз алгач округдук шайлоо комиссиясында, андан соң БШКда, андан кийин гана сотто каралат деген талап бар экен. Бирок биз аны калтырып коюппуз.

К.Байболов да убагында айтты эле. «Элдин көпчүлүк бөлүгүнүн ишенимине кирбей, аз добуш менен Ак үй – Көк үйгө жагып, сот чечими менен депутат болуп келгендерди кара сызык чийип парламенттин ичине отургузуп коелу», деди эле биз ага тамаша деп болбой койгонбуз. Бирок тилекке каршы, ошондой жылчыктар калып калгандыктан А.Акаев айтып аткан 80% эл сотторго ишенбейт. Сот эларалык практикада, мыйзамда жок, атүгүл Түркмөнстан менен Өзбекстанда жок нерсенин «демократия аралчасы» деген жерибизде болуп аткандан кийин мен ойлоп атам мындан ары кочкорлуктар акыйкатына дагы, мыйзамына дагы, ошону жүргүзүп аткан бийлик төбөлдөрүнө дагы ишенбей калат. Ошол ишенбегендердин катарын толуктап, азыр эми 80 – 90% эмес, 100% ишенбей калабызбы деген пикирим бар.

- Билесиз, биздеги «таза шайлоодон» кийин элдин нааразылыгы абыдан көбөйүп атат. Көлдө, Нарында, мына түштүктө Ошто, Жалалабатта эл толкуп жатат. Бул элдин бийликтен тажаганыбы? Сиз кандай деп ойлойсуз?

- Мен ойлоп атам, бул элдин тажагандыгынын белгиси. Элдин акыркы укугун -шайлоо укугун, ошону да жөн койбой, сатып алып, коркутуп-үркүтүп, жанагинтип сот аркылуу шайлаттырып, элдин акыркы ишеничин да жок кылып атышат булар. Айрым бир аткаруу бийлигинин өкүлдөрү “эл деген эмне, 10 күн чыгат, 20 күн чыгат, шайлоо бүткөндөн кийин үй-үйлөрүнө кирип кетет, калгандары ошол боюнча калат” деп жатышат. Бул туура эмес.

Республикадагы кырдаал курчугандан курчуп баратат. Карапайым элдин өзү ойгонду. Мен ушул Кочкор шайлоо округун эле айтайын. 8 миңден 10 миңге чейин киши 5 күн канжолдо туруптур. Мен бул жакта сотто жүргөм. Анан биз барганда да мыйзам чегинде баарына каршы добуш берсек туура болот десек, эл макул болуп тарап кетишти. 8-10 миң кишинин баары эле менин тууганым эмес да, ал жерде байы-кедейи – бүт баары кошулуп чыгышты. Ош беш күндүн ичинде бийлик бутагынан бир да бирөө барган жок. Ак үйдүн ичинде жашынып алып отурушат. Бирдеме десең “мен күнөөлү эмес, буга А.Акаев күнөөлүү болуш керек” дешет. Мен ойлоп атам, А.Акаевдин жанындагы 4-5 киши кетпесе булар Аксыдагыдан кайра тартпайт, Аксы дагы кайталанып кетиши мүмкүн.

- Акылбек мырза, сиздин кесиптешиңиз К.Бакиев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү, Жогорку Кеңештин сессиясын кезексиз чакыруу өтүнүчүн билдирди. Сиздин ага мамилеңиз кандай болду?

- Азыркы бийлик колунан келген бийлик ресурстары менен мыйзам бузууга барса дагы кийин бийликке келем дегендер мыйзам бузууга барбашы керек. Ошондо элдин үмүтү калат. “Кийинкилер такыр мыйзамды бузбаган кишилер экен” дейт. Анан “булар бузуп атат, биз да буза калалы” дегенде элди биртоп айнытып алабыз го ойлоп атам. Президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтсүн. Парламенттик шайлоо мына өтүп атат. Колубуздан келгендин баарын жасадык. Анан арманда калып, элдин баарын алып чыгып, аларды удургутуштан пайда чыкпасын, бийликтегилерди мына кочкорлуктар жакшы түшүнө башташты. Келме–кезек, терме – тезек. Мына, күз келсин. Күз келгенде Конституция боюнча президенттик шайлоо болот. Мына ошондо чыгам дегендер чыкса жакшы болот эле.
XS
SM
MD
LG