Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

ООГАНСТАН: АПИЙИМДИ МЫЙЗАМДУУ ӨСТҮРҮҮНҮН ПЛАНЫ


Ооган апийимин медицина тармагында кандай пайдаланса болот? Дары-дармек саясатын эларалык деңгээлде изилдеген айрым бир уюмдар ооган дыйкандарына апийим өндүрүүгө мүмкүндүк берип, бирок түшүмдү морфий жана кодеин сыяктуу оорууну жеңилдетүүчү дарыларды жасоо үчүн пайдаланууну сунуш кылышты. Мисалы, башкеңсеси Парижде жайгашкан Сенлис борбору мындай чара дүйнө өлкөлөрүндөгү дары-дармекке болгон тартыштыкты кыскартууга жана Ооганстандын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө берет деп санайт.

Ооганстанда мыйзамсыз апийим өстүрүү өтө кеңири жайылып кеткен жана чечкиндүү чара көрүлбөсө, маң өндүрүшүн контролдогон адамдар бүтүндөй экономиканы тейлеп калышы мүмкүн. Улуттар Уюмунун изилдөөсүнө караганда маң аткезчилери Ооган экономикасынын 60 процентин контролдойт.

БУУнун адистери апийим талааларын жок кылуу элди “итке мингизип”, социалдык проблемаларды курчутат деп кооптонушат. Ал эми апийимдин ордуна дан, мөмө-жемиштерин, жашылча-жемиштерди өстүрүү көп убакытты талап кылат.

Андыктан Ооган дыйкандарына апийим өстүрүүгө уруксат берип, бирок анын түшүмүн морфий жана кодеин сыяктуу оорууну жеңилдетүүчү дарыларды чыгаруу үчүн пайдаланса болот. Дары-дармек саясатын эларалык деңгээлде изилдеген Сенслис борбору ушундай планды сунуш кылды.

Башкеңсеси Парижде жайгашкан уюмдун башчысы Эмануэль Райнердин айтканы:

- Мындай чара дыйкандарга апийимди мыйзамдуу негизде өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Анын түшүмү дүйнөдө, өзгөчө, өнүгүп бараткан өлкөлөрдө тартыш морфий жана кодеин сыяктуу - оорууну кесчү дарыларды жасоого пайдаланылмак. Бул сунуш Ооганстандын экономикасын бир жактуу өнүктүбөйт. Өткөөл мезгилде жаңы тармакты өнүктүрүп, экономиканы түптөөгө жана туруктуу өсүүгө өбөлгө түзөт.

Рейнер мырза башында турган мекеме азыр Ооганстандын апийим өстүрүүгө дасыккан дыйкан чарбаларын мыйзамдаштыруунун жол-жоболорун изилдеп көрмөк болду. Уюм өз планынын мазмуну менен Улуттар Уюму жана Ооганстандын жетекчилигин ырасмий эмес шартта тааныштырган.

Колдонуудагы эларалык жобо боюнча апийим өндүрүүнү мыйзамдаштырууну жана аны дары-дармек үчүн сатууну каалаган өлкө БУУнун Маңзаттарын контролдоочу эларалык кеңсесине кайрылып, уруксат алышы ылаазым. Австралия, Франция, Түркия жана Индияда дыйкандар ушундай лицензия менен апийимди мыйзам чегинде өстүрүп сатышат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти өткөн аптада жарыялаган жылдык докладга карганда 2004-жылы эле Ооганстанда апийим өстүрүү үч эседен көп көбөйгөн жана дүйнөдө өндүрүлгөн героиндин 90 проценти Ооган апийиминен жасалган.

Апийим өстүрүү 1979-жылы ооган жерине советтик аскерлер басып киргенден кийин өзгөчө күч алып, кийин талибдер тушунда бир кыйла тыйылган. “Christian Science Monitor” гезитинин маалымдашынча, 2001-жылы Ооганстанда апийим аянты 8019 гектар болсо, былтыр 207, 5 миң гектарга жеткен. Адистердин айтымында, апийимчиликтен улам жаштар арасында баңгичилик көбөйө баштаган.
Апийимчилик мындай ыраатта жүрсө, Ооганстан маңзаттарынын мамлекети болуп калышы ажеп эмес.

Эмануэль Райнердин сөзү:

–Ооганстан маңзаттар мамлекети болууга жакын турат. Келерки жылдары ага жетиши ыктымал. Ошентип биз кризистик кырдаалдабыз. Ушул азыртан тартып чара көрүш керек. Апийимди кырып жок кылуу же абадан дары чачып өлтүрүү абалды дагы начарлатат - анын натыйжасын бир нече жылдан кийин көрөбүз. Алтернативалуу өсүмдүктөрдүн түшүм алуу үчүн да бир нече жыл керек. Бул өтө эле кеч.

XS
SM
MD
LG