Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

ПАРИЖ КЛУБУ КАНЧА КАРЫЗ КЕЧКЕН?


Сапар Орозбаков, Бишкек Ишемби күнү президент Аскар Акаев Париж клубу жалпы суммасы 600 млн. долларды түзгөн эки тарааптуу кредиттердин 60%, башкача айтканда 360 млн. долларды кечти деп жарыялаган болчу. Адистер бул маалымат так эместигин, Париж клубу 124 млн. доллар гана кечкендигин айтып жатышат.

Париж клубу Кыргызстандын канча карызын кечкени тууралуу маалымат ушу кезге чейин так болбой жатат. Париж клубунун отуруму башталгандын эртеси эртең менен эле - 11-мартта «Кыргызинфо» маалымат агенттиги аталган клуб Кыргызстандын 450 млн. доллар карызын кечти деп жазып чыккан. Бирок өлкөнүн каржы министрлигинин маалымат кызматы сүйлөшүү аяктай электигин жана кагаздарга кол коюла электигин белгилеп, бул маалыматты дароо эле төгүнгө чыгарган болчу. Каржы министрлиги канча карыз кечирилери ошол күнү кечке маал гана белгилүү болорун билдирген.

Бирок кечке жетпей эле «АКИпресс» маалымат агенттиги Париж клубу 124 млн. доллар кечиптир деген маалымат жарыялап жиберди. Бирок ал тараткан маалыматта «андан тышкары Париж клубу оор шартта берилген кредиттердин 50% кечти» деген жери болуп, бул маалыматтан кийин да Париж клубу баардыгы болуп канча акча кечкени түшүнүксүз бойдон кала берген.

Ишемби күнү болсо президент буга байланыштуу атайын жыйын өткөрүп, Париж клубу жалпы суммасы 600 млн. долларды түзгөн эки тараптуу кредиттердин 60% кечти деп айтты:

-10-мартта болуп өткөн Париж клубунун кредиторлорунун жолугушуусунда 600 млн. АКШ долларын түзгөн республиканын эки тараптуу кредиттеринин 60% кечүү жана калган бөлүгүн Кыргызстан үчүн абдан ыңгайлуу шартта реструктуризациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды- деди Аскар Акаев.

Президенттин бул айткан сөздөрүнөн Париж клубу 360 млн. доллар карыз кечкен деп тыянак чыгарса болот. Анткени 600 млн доллардын 60% 360 млн. долларды түзөт.

Бирок адистер президенттин берген маалыматы так эмес экендигин айтышууда:

- Бул жерде президент реструктуризацияланган кредиттер менен кечирилген кредиттерди чаташтырып жатат. Париж клубу өздөрү берген 555 млн. доллар кредитти эки бөлүп караган. Ал оор шартта алынган 248,8 млн. доллардын 50% кечкен. Анын калганын жана жеңилдетилген шартта алынган 306 млн. доллар кредиттин төлөө мөөнөтүн артка жылдырган, – дейт Кыргыз улуттук университетинин профессору Айылчы Сарыбаев.

Буга чейин президент да, өкмөт башчы да, экономика маселесин тейлеген вице-премьер Жоомарт Оторбаев да, каржы министри Болот Абилдаев да Париж клубу 450 млн. доллар кечет деп айтып келишкен болчу:

- Биздин маселени карай турган Париж клубунун отуруму 10-мартка белгиленди. Анда биздин карыздын бир бөлүгүн Неаполь келишиминде белгиленген шартта кечүү маселеси каралат. Бул шарт биз үчүн жакшы шарт. Эгерде карызды кечип калышса, 450 млн. долларды кечишет –деген болчу премьер-министр Николай Танаев мындан бир аз эле күн мурун.

Адистердин айтымында, Париж клубу, 2002-жылы Кыргызстандын карызын карап жатканда, чынында эле, өкмөт башчы айткандай, Неаполь шартын колдонуп, чет өлкөлөр түздөн түз берген эки тараптуу кредиттердин үчтөн бирин кечерин айткан болчу. Бирок ал азыр эмнегедир Эвиан шарты менен 124 млн. доллар гана карызды кечкен. Айылчы Сарыбаевдин айтуусунда, бул сумма, президент айткандай, эки тараптуу кредиттердин 60% эмес, 22% гана түзөт. Париж клубу узак мөөнөт берип, карыздардын көбүн жөн эле артка жылдырып койгон:

Калган 23 жана 40 жылдын ичинде төлөй турган кредиттер жана анан үстөк пайыздар биздин балдарыбызга жана неберелерибизге калтырган белегибиз. Аны ошолор төлөшөт,–дейт Айылчы Сарыбаев.

Париж клубу Кыргызстанга канчалык жеңилдик берди, эми Кыргызстандын экономикасы тышкы карызды төлөй албай калуу коркунучунан биротоло кутулдубу деген биздин сурообузга:

-Бир сом кечип берсе деле жеңилдик эмеспи. 124 млн. долларды кечүү жана 431 млн. долларды артка жылдыруу биз үчүн чоң жеңилдик. Бирок кечилген карыздар жалпы карыздын 6,5% гана түзөт. Калган карыздардан бир нече эсе көптүк кылат. Аларды жеңилдетилген үстөк пайыз менен төлөп бергенде деле Кыргызстан үчүн кыйын болот, –деди экономика илимдеринин доктору, мамлекеттик каржы маселери боюнча адис Айылчы Сарыбаев.
XS
SM
MD
LG