Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

ОППОЗИЦИЯГА ТОСКООЛДУКТАР БОЛУП ЖАТКАНЫ КАБАРЛАНУУДА


Добуш берүүнүн алгачкы расмий тыянагы боюнча маалыматты БШК Бишкек убактысы боюнча саат 21.00де пресс-конференция уюштуруп, жарыяларын убада кылууда. Ошондой болсо да талдоочулар менен байкоочулар бул сапар да бийликти жактаган талапкерлердин басымдуу бөлүгү жеңишке жетерин болжоп жатышат.

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөн кырк чамалаш оппозициялык талапкерлердин ичинен биринчи айлампада Кыргызстан элдик кыймылынын курамындагы «Асаба» саясий партиясынын лидери Азимбек Бекназаров гана жеңишке жетишкен. Кыргызстан элдик кыймылынын, «Атажурт» саясий кыймылынын, Кыргызстан элдик конгрессинин таасирдүү онго жакын мүчөсү парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында ат салышып жатат.

Айрым лидерлер өздөрү күбө болгон фактылардын негизинде өздөрүнүн алгачкы баасын беришүүдө. Маселен, Кыргызстан элдик конгрессине тутумундагы «Арнамыс» саясий партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин айтымында, шайлоо участокторунда мыйзам бузуулар биринчи айлампадагыдан да көп болууда. Бул дагы бир ирет шайлоонун мыйзамсыздыгын далилдеп атат:

- Шайлоонун жүрүшүндө ушундай көп мыйзам бузуулар болуп атат. Ошондуктан биз азыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы так болбойт, мунун баарын жокко чыгарыш керек дагы, биринчи президенттик шайлоону өткөрүп туруп, андан кийин парламенттик шайлоону жаңы президент белгилеген мөөнөттө кайра өткөрүш керек деп ойлойбуз.

Байкоочулар шайлоонун экинчи айлампасына мүнөздүү башкы мыйзам бузуу катары добуш сатып алууну жана тигил же бул талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн автоунаалар менен бир участоктон экинчи участокко шайлоочуларды тобу менен ташууну белгилеп жатышат.

Мындай көрүнүштү оппозициячылар оппозициялык талапкерлер ат салышып жаткан округдар менен тыгыз байланыштырып жатышат. Саясатчылардын мындай дооматтарынын чындыгы бар экендигин шайлоого көз салып жаткан «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов белгиледи:

- Көптөгөн фактылар так эле оппозициялык талапкерлер катталган округдарда катталып атат. Муну оппозицияга каршы уюштурулган чоң кампания катары эсептесе болот.

Анткен менен шайлоого байкоо жүргүзүп жаткан оппозициялык лидерлер добуш берүүнүн жүрүшүнө байланыштуу пикирлерин билдиришкен жери жок. Опоозициянын өзү каалаган мөрөйүнө жетиши оор болуп калганын

Кыргызстан коммунисттер партиясынынын катчысы Клара Ажибекова билдирди. Анын пикиринде, оппозицияны эл жапырт колдогондо жетмек, бирок эл азыр идеяга караганда, байлыкка көбүрөөк алаксып атат:

- Азыр дагы эле ишене туралы. Балким, баары эле акчага азгырылбайт деп элибизге ишенгим келет.

«Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын лидери Муратбек Иманалиевдин божомолунда парламенттик шайлоодо оппозициялык талапкерлердин 15-18% жеңишке жетиши ыктымал:

- Оппозициялык партиялардан, өздөрүн оппозициячымын деп эсептеген талапкерлерден болжол менен 15-18% болот деп мурда да айткам. Эми эртең тыянагын көрөбүз.

Муратбек Иманалиевдин пикиринде, талапкерлердин оппозициялык канатынан айырмаланып, Жогорку Кеңешке бийликчил саясий партиялар сүрөгөн талапкерлердин 30%тен ашыгы өтүшү ыктымал.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG