Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:35

Саат 16га карата шайлоочулардын 41 пайызы добуш берди


БИШКЕК. Кыргызстанда 13-мартта шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлдү. Саат он алтыга карата өлкө боюнча тизмеге киргизилген 1 миллион 474 миң 581 шайлоочунун 41 пайызы добуш берди. Анын ичинде Нарындагы шайлоочулардын 44, Баткен 45, Чүй 44, Талас 52, Ысыккөл 43, Жалалабат 40, Ош обласынын шайлоочуларынын 33 пайызы добуш беришти. Шайлоо кодексине ылайык добуш берүү кечки саат жыйырмада токтотулуп, добуштарды саноо башталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG