Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Дамаскиде Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу маселеси талкууланды


Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы чабарманы Т.Род-Ларсен Бейрутта Ливандын жетекчилери менен кездешти. Род-Ларсен мындай деди:

- Биздин сүйлөшүүбүздө Сириялык күчтөрдү Ливандан чыгарып кетүүгө чакырган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1559 резолюциясын аткаруу маселеси бардык тараптан талкууланды.

Род Ларсен кечээ Дамаскиде Сириянын президенти Башар Асад менен жолугушкандан кийин Сирия Ливандан бардык күчтөрүн чыгарып кетээрин жарыя кылган. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс айым сириялык аскерлерди Ливандан чыгаруу жөнүндөгү жарыяны “оң кадам” деп атап, бирок БУУнун резолюциясы аткарылганча Дамаскиге кысым көрсөтүү токтотулбаш керек деди. Ливандын түштүгүндө Сирияны колдоп, он миңдеген адамдар катышкан демонстрация өтүүдө.

XS
SM
MD
LG