Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Сирия акыркы сөздү айта элек


Сириянын президенти Башар Ассад чукул арада Ливандагы бардык аскерлерин жана чалгындоо агенттерин чыгаруу мөөнөтүн БУУга билдириш керек. БУУнун өкүлү Тержье Род-Ларсен ишемби күнү Асад менен сүйлөшкөндөн кийин сириялык аскерлерди эки айлампа менен Ливандан чыгаруунун планын эмки аптада эларалык уюмдун башкатчысы Кофи Аннанга тапшыруусу абзел экенин эскертти:

- Мен келерки жуманын алгачкы күндөрү Нью-Йоркко келер замат Улуттар Уюмунун Башкатчысы, мырза Кофи Аннанга сириялык аскерлерди Ливандан толук чыгарып кетүүнүн так жадыбалын тапшырам.

14-февралда Ливандын мурдакы премьер-министри Рафик Харири өлтүрүлгөндөн бери эларалык коомчулук сириялык 14 миң аскерди өлкөдөн чыгарып кетүүнү катуу талап кылууда. Ошондон бери Бейрутта антисириялык жана сириячыл демонстарциялар дээрлик күн сайын өтүүдө. Эртең да антисириялык чоң акция мерчемделген.

XS
SM
MD
LG