Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

БРЮС ПАННИЕР: "ШАЙЛООНУ АДИЛЕТ ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДА МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР БОЛЧУ"


Маектешкен Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Борбордук Азия боюнча адис Брюс Панниер - ушул тапта «Азаттыктын» серепчиси. Ал Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы тууралуу биз менен маек куруп, өлкөдөгү шайлоо Кыргызстан башка Борбордук Азия өлкөлөрүнөн айырмаланаарын дагы бир ирет тастыктады деп айтты. Бирок, анын оюнча, жергиликтүү бийлик өзү үчүн түз кетчү жолдон мүдүрүлгөн учурлар бул жолу да арбын катталды. Эми саясий күрөштүн жаңы баскычы президенттик бийлик менен байланыштуу, дейт серепчи.

Брюс Панниер (Bruce Pannier) өз маегин Кыргыз оппозициясынын ишмердүүлүгүн аймактагы башка өлкөлөрдөгү оппозициянын иш-аракетине салыштыруу менен баштады:

- Эми, албетте, биз төмөнкү ойду айтууга тийишпиз – Кыргызстандын оппозициясы коңшу бардык башка өлкөлөрдөгү оппозициядан айырмаланып, кыйла деңгээлде ээн-эркин аракет кыла алаарын, демонстрацияларды, нааразылык чараларын уюштура алаарын айгинелей алды. Бирок бул сөзүм Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү демократиялуу мүнөздө болду дегенди туюнтпайт. Кыргыз оппозициясы бул жаатта өздөрүнүн ирэээнжигенин билдире алышты. Алар Өзбекстанга жана ал түгүл Казакстанга салыштырмалуу да өз ойлорун өлкөдө ачык билдирүүгө жетишти.

- Брюс, демек, расмий Бишкек быйылкы парламенттик шайлоону алда канча демократиялуу мүнөздө болду деп жарыялаган менен, сиздин оюңузча, калпыстыктар да кеткен экен да?

- Бул шайлоодо бир катар артка чегинүүлөр да болду. Маселен, биринчи айлампада байкалган мүчүлүштүк – добуш бурмалоолор болду. Муну оппозиция кескин сындады. Ал түгүл Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да добуш сатып алуу сыяктуу мүчүлүштөр орун алгандыгын билдирди.

- Жергиликтүү байкоочулардын айтымында, өз добушун сатып алууга аракет кылгандарга татыктуу каршылык көрсөткөн шайлоочулар да болду, бирок өз кейигенин үй-бүлөсүнүн кашында гана айтып, акыркы кырдаалга моюн сунгандар деле арбын болду, дешет алар. Деги, мындай калпыстыктар үчүн оболу кимдер жоопкер деп ойлойсуз?

- Менимче, бийликтер жеңишке жетүү үчүн өтө жигердүү аракет кылган сыяктанат. Экинчи айлампада оппозиция өлкөнүн чар тарабында буга каршы нааразылык чараларын уюштурушту. Бирок бийликтин ашкере ыкмаларга баруу тактикасы өкмөт үчүн майнаптуу болду го деп санабайм. Оппозициянын анча-мынча гана өкүлү биринчи айлампада шайланууга жетишти, ушундай эле натыйжа экинчи айлампага да таандык болчудай. Парламенттин 75 орунунун азганактай гана, 7-8 гана оруну оппозицияга тийгенин көрсө, калктын нааразылыгы ого бетер курчушу ыктымалдан алыс эмес деп ойлойм.

- Демек, сиздин оюңузча, бийликтер шайлоонун таза өтүшүнүн кепилдиги эмес, тоскоолдугу болгон экен да? Айтмакчы, Батыштагы бир катар басылмалар Кыргызстандагы парламенттик шайлоону бийлик үчүн күрөштүн алгачкы гана баскычы деп жазышууда. Ал түгүл алар буга чейин оппозиция 75 шайлоо чөлкөмүнө ыдырап келген болсо, эми бул оппозициячыл күчтөр биргелешип чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүккө ээ болот ко деп жатышат. Сиз мындай пикирлерге кандай карайсыз?

- Мен да бул ойлорго кошулам. Билесизби, мен окуялардын мындайча улантылышы үчүн жоопкерчиликтин орчун бөлүгүн кыргыз бийлигине тагаар элем. Айрым бийликке лоялдуу делген ишмерлер да эми оппозиция жагына ооду. Бул парламенттик шайлоону мынчалык бурмалоолор аркылуу өткөрүүнүн эч себебин көрбөй турам, анткени ансыз деле өкмөтчүл талапкерлер парламентте көбүрөөк орунга жетээри алдын-ала сезилип турган.

- Рахмат, маегиңизге!
XS
SM
MD
LG