Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

ЧОҢ ШАХМАТТАН ЧОҢ САЯСАТКА


Гарри Каспаров 20 жылдан бери дүйнөлүк шахматта үстөмдүк кылып келаткан. Бейшембиде экс-чемпион профессионалдык спортту таштап, өз убактысын толугу менен саясатка арнай турганын жарыялады. Буга чейин Каспаровдун чоң саясаттагы ийгиликтери спорттогудай мактанаарлык болгон эмес.

10-мартта Каспаров кезектеги шахматтык мелдешти жеңгенден кийин профессионалдык спорттон кетип жаткандыгын билдирди. “Мен шахматта колуман келгендин бардыгын жасадым. А, балким андан да көптү. Эми интеллектимди жана стратег катары жөндөмүмдү саясатка жумшайын деп жатам”, - деди Каспаров.

Россияда чыгуучу шахматтык журналдын башкы редактору Александр Рошальддын пикиринде, жаш кезиндегиндей ойной албай калганын Каспаров түшүндү:

- Акыр аягында Гарринин жеңишке карай түз жол калбай калганына көзү жетти. Ар кандай айланма жолдорго болсо анын убакыты да, каалоосу да жок. Бир айдан кийин Каспаров 42 толот. Ал 40тан ашык супермелдештерди уткан. Профессионалдык шахматта ал мындан артык эмнеге жетише алат? Көп болсо дагы бир мелдешти жеңип алаар.

22 жашында Каспаров дүйнөнүн чемпиону наамын жеңип, тарыхтагы эң жаш чемпион болуп калган. Ошондон бери ал эки эле жолу утулган. 1997-жылы “Deep Blue” деген компьютерге, 2000-жылы болсо жаш шахматчы Владимир Крамникке биринчиликти алдырып жиберген. Бирок Каспаров Дүйнөлүк шахмат федерациясынын классификациясында дале болсо биринчи сапты ээлеп келатат.

Саясатта болсо же шахмат саясатында Каспаровдун жетишкендиктери анча мактанаарлык эмес. Эки жолу экс-чемпион алтернативдүү шахмат ассоциациясын түптөөнү көздөгөн. Бирок ал аракеттерден майнап чыккан жок.

Чоң саясатта дагы Каспаров ар дайым аутсайдерлердин же жеңилүүчүлөрдүн лагеринде орун алып келатат. 1991-жылы Гарри Николай Травкиндин Россиянын демократиялык партиясын негиздөөгө катышкан. Кийинчирээк ал партия ыдырап кеткенден кийин Каспаров Россиянын жамааттар конгрессине мүчөлүк кылып калат. Айтмакчы, аталган уюмга маркум генерал Александр Лебедь жана саясатчы Дмитрий Рогозин кирчү. Бирок партия Думага өтө албай калган.

Жакында болсо шахматист Владимир Рыжков менен бирге “Комитет-2008” деген топ уюштурду. Уюм 2008-жылы президент Владимир Путиндин кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин анын кызматтан кетүүсүн камсыздоону көздөйт.

Каспаровдун ырастоосунда, Путин жаңылыш багытта баратат. Былтыр комитет түзүлүп жатканда сүйлөгөн сөзүндө ал Россиядагы демократияга коркунуч туулуп жатканын айткан эле:

- Азыркы конституция, биздин демократиялык укуктарыбыз коркунучка кептелди. Андыктан биз демократияга ишенген ар кыл элдин, жарандардын башын бириктирип отурабыз.

Александр Рошаль Каспаров импульсивдүү мүнөзүн тизгиндегенди үйрөнсө, саясий карьерада ийгиликке жетишиши мүмкүн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG