Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮН ЫСЫМДАРЫ БЕЛГИЛҮҮ БОЛО БАШТАДЫ


Кечээ - 13-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгына ылайык көпчүлүк шайлоо чөлкөмдөрүндө жеңүүчүлөрдүн ысымдары белгилүү болуп калды. Негизинен экинчи айлампада 58,99% шайлоочу добуш беришти. №75 Тоң аймагында 13 798 адам же шайлоочулардын 67,15% «каршы» добуш беришкендиктен бул жерде шайлоо өткөн жок деп табылды. Жүргүзүлгөн санактарда алдыда келаткан жеңүүчүлөрдүн ысымдары:

Б.Акаева (№1 Университет), Ш.Садыбакасова (№6 Асанбай), Ж.Сурабалдиев (№8 Түндүк), О.Безбородова (№11 Курулуш), А.Шадиев (№12 Сүлүктү), М.Жураев (№13 Лейлек), А.Бурканов (№14 Баткен), И.Масалиев (№15 Айдаркен), А.Тагаев (№17 Кызылкыя), А.Турсунбаев (№ 18 Чаткал-Алабука), К.Конгантиев (№23 Майлуусуу), Д.Садырбаев (№24 Ноокен), Ө.Текебаев (№26 Акман), Р.Тагаев (№31 Көгарт), Э.Байсалов (№35 Жумгал-Акталаа), Ж.Сатыбалдиев (№37 Мырзаке), У.Ормонов (№38 Жазы), А.Келдибеков (№43 Курманжан датка), А.Абжалиев (№47 Жапалак), И.Гайыпкулов (№50 Керметоо), А.Марипов (№51 Исанов), З.Жамалдинов (№53 Көкжар), Б.Шерниязов (№54 Талас), Ж.Иманалиев (№55 Бакайата), И.Өмүркулов (№60 Кант), А.Момункулов (№61 Ысыката), (№63 Фрунзе), З.Эсенаманов (№68 Алыкул), Т.Акматбаев (№69 Балыкчы), Т.Керексизов (№70 Ысыккөл), С.Жапаров (№71 Түп), Э.Алымбеков (№Каракол), С.Урманаев (№73 Жети өгүз).

XS
SM
MD
LG