Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Кондолиза Райс жума бою Азия мамлекеттеринде болот


Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Азия мамлекеттерине сапарга аттанат. Дээрлик бир аптага созулуучу сапар учурунда Райс айым Жапонияда, Кытайда, Түштүк Корея менен Пакистанда, ошондой эле, Ооганстанда болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мамлекеттик департаменттин Чыгыш Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Эванс Ревердин айтымында, мамкатчы Кытайда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда өтүүчү жолугушууларда негизги басымды Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы боюнча көп тараптуу талкууга кайтуу маселесине бурмакчы.
Андан сырткары, Райс Индия менен Пакистан алакаларына, Кабулда болсо Ооганстандагы демократиялык аракеттердин абалына кайрылат.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG