Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Кыргызстанда парламенттик шайлоо соңуна чыкты. Анда оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр минималдык депутаттык орунга ээ болду. Саясий өнөктүктүн мына ушундай жыйынтыкталышына эмне себеп болду?

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү башталаар алдында оппозициялык күчтөр негизги максаты катары бийликчил күчтөрдүн парламентте Конституциялык көпчүлүк добушка ээ болушуна жол бербөөнү атаган. Демек, парламентте 75 орун болсо анын 25тен кем эмесин алууга аракет жасап, 40тан ашуун талапкерди катыштырган.

Оппозиция муну менен парламент аркылуу Аскар Акаевдин президенттик ыйгарым укугун дагы бир мөөнөткө узартууга жол бербештин камын көргөн эле.

Бирок турмушта баары башкача болуп чыкты. Ондогон оппозициялык талапкерлердин ичинен бир гана Азимбек Бекназаров биринчи турда жеңишке жетишти. Экинчи турда да оппозициянын түшүмү жемиштүү болгон жок - төрт-беш гана талапкер элдин ишенимине татыды. Ал эми бийликчил күчтөр парламентте абсолюттук көпчүлүк орунга ээ болду.

Оппозициянын жеңилишине эмне себеп болду? Алардын бирдиктүү программа түзүп, өлкөнү кайсы багытта алып кетери, ишкерлерге кандай шарт түзөөрү, жогорку деңгээлдеги коррупциядан арылуу үчүн бийлик системасын кандайча тең салмакташтырары тууралуу элге айтып, түшүндүрүп бере албагандыгы себеп болдубу?

Мына ушундай суроолор менен бир катар саясатчы, талдоочуларга кайрылдык. Алардын бири - Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова болду.

Ишегүл айым парламенттик шайлоодо программалар күрөшү болгон жок деп, оппозиция менен бийликти минтип салыштырды:

- Жолго асфальт жаткырган оор унааны билесиңерби? Бир нече жүздөгөн тонна келген машина өсүп келаткан наристелерди басып кеткендей эле, мамлекеттик машина оппозицияны басып кетти.

Анын айтымында, оппозиция бул шайлоодон жыйынтык чыгарып, өзүнүн иш-аракетине кошумчаларды киргизиши керек.

Парламенттик шайлоодо административдик каражаттарды колдонуу жана шайлоочуларды сатып алуу өтө күчтүү болду, дейт “Агым” гезитинин башкы редакторунун орун басары Мамат Сабыров. Ал оппозициянын өз идеологиясы, программасынын жоктугу терс рол ойноду деген пикирде:

- Ал жагы да болду. Көрсө бизде оппозициянын илгертен келаткан мектеби жок экен. Чет өлкөдө ошондой да. Кийинки оппозиция, бийликти алмаштыраар күч ошондой программасы менен келип, аны турмушка ашырууга аракет кылат. Кийин шайлоочулар ошого жараша баа берип, программанын аткарылышын талап кылат да. Бизде мына ошондой болбой жатпайбы.

Ал эми “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев шайлоодо оппозиция жеңилген жок деген пикирде:

- Эми муну оппозициянын жеңилиши деп айтканга болбойт. Оппозициянын биринчиден каражаты жок. Экинчиден, уюшкандык жок. Ошондон улам көп талапкерлери убактылуу өтпөй калды дешке болот.

Ош облусунун мурунку губернатору Накен Касиев программалардын бар-жогу эмес, капчыктуулардын алдыга чыгышы негизги ролду ойноду деген пикирде:

- Менимче андан дагы, эң негизгиси каражаттуу, акчалуулардын алдыга коюлушу башкы ролду ойноду.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, Кыргызстанда көз карандысыз телеканалдын жоктугу, натыйжада оппозиция өкүлдөрүнүн өз ой-пикирлерин элге жеткире албагандыгы, эң негизгиси - азыркы бийликтен кандайча айырмалана тургандыгы, ишкерлерге кандай шарт түзүп, кандай бийлик системасын кураары, өнөр жай, кадр саясатын кандай жүргүзөөрү, аларды кайсы талапкерлер менен биргеликте турмушка ашыраарын ачык айтып, максаттуу иш жүргүзбөгөндүгү ушундай натыйжага алып келди.

Албетте, бул жерде оппозициядан мурда 200 сомго добушун саткан шайлоочу, демек элдин өзү да утулду деген нерсе өкүнүчтүүрөөк болуп жатат, дешет серепчилер.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG