Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

ТАЛАСТА ЭЛ НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ


Машакбай Рахманкул уулу, Бакайата 14-март күнү Бакайата районундагы Кызылсай айылында эки миңге чукул адам катышкан нааразычылык акциясы өттү. Ага №55 Бакайата шайлоо округуна караштуу Карабуура, Бакайата райондорунан жана Талас шаарынан эки миңге чукул шайлоочу катышып жатат. Алар 13-марттагы шайлоонун экинчи айлампасы өтө ыплас өтүп, Равшан Жээнбековдун жеңиши анын атаандашына акчанын, бийликтин күчү менен тартып берилип койгондугуна нааразычылык билдиришти.

14-март күнү Бакайата районундагы Кызылсай айылында эки миңге чукул адам катышкан нааразычылык акциясы өттү. Ага №55 Бакайата шайлоо округуна караштуу Карабуура, Бакайата райондорунан жана Талас шаарынан эки миңге чукул шайлоочу катышып жатат. Алар 13-марттагы шайлоонун экинчи айлампасы өтө ыплас өтүп, Равшан Жээнбековдун жеңиши анын атаандашына акчанын, бийликтин күчү менен тартып берилип койгондугуна нааразычылык билдиришти.

Пикетчилер алгач Талас-Тарас, Талас-Бакайата автожолун тосуп салышты. Жолду ачуу жөнүндөгү облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Насирдин Каримбердиевдин өтүнүчүн пикетчилер аткарышкан жок. Бакайата районундагы Кызылсай айылынын тургуну Назир Момунтаев шайлоо ыплас өткөнүн билдирди:

- Бул шайлоо округунда талапкер Равшан Жээнбековдун ишенимдүү кишиси болуп отурдум. Ушул жерде чындык болгон жок. Адамдарга ар бир добуш үчүн 300 сомдон беришти. Шайлоо болуп жатканда бюллетендерди ачып салышып, аркасынан сураган кишилер ээрчип келип, шайлоочуну бюллетен салганга кыйнашты. Сырттан иштеп турушту. Чындык, акыйкаттык жок, бул - акчага сатылган нерсе.

Чогулган эл райондун акими менен окружкомдун төрагасын чакыртышты. Алар өз сөздөрүн шайлоого бийлик аралашкан жок деген нукта баштаганда эле эл аларды сүйлөтпөй койду:

- Жыйынтыгы чыкты, кайра туура эмес болсо сот чечет.

Шайлоочулардын шайлоонун ыплас өткөндүгү жөнүндө пикирлери:

- Азыр кайгы-капага түшүп, ушунчалык каныбыз кайнап турган кез. Уялбай акимибиз ушул жерге келип, шайлоо өттү, мындай-тигиндей деп турат. Чындык жок, биздин укугубуз тебеленди. Балдарыңдын келечегин ойлосоң, элдин каргышына калбайм десең токтот сөзүңдү дедик.

Кечке жуук нааразы болгон шайлоочулар облустук борборго келишти. Аларга Талас шаарынан миңге жакын шайлоочулар кошулуп, облустук администрациянын алдына нааразычылык акциясын улантып жатышат.

XS
SM
MD
LG