Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Сокулукта бири-бирине каршы эки митинг өттү


БИШКЕК. 14-мартта Сокулук районунун борборунда «Элдик биримдик» коомдук бирикмеси Жалалабаттыктардын демилгесин колдогон митинг уюштурушту. Жүздөн ашык шайлоочу катышкан бул митинг акыйкат шайлоону, президенттин кызматтан кетишин, коррупцияны жок кылууну талап кылган чакырыктарды көтөрүштү. Ушул эле күнү митингге чыккандарды райондук милиция күч менен таркатып, чакырыктар жазылган буюмдарды тартып алышты. Бул тууралуу «Арнамыс» саясий партиясынын мүчөсү Санжар Супатаев билдирди. Ушул эле күнү Сокулуктун Аксуу айылында дагы бир митинг уюштурулуп, ага 500 чамалаш адам катышты. Бул митинг «акыйкаттык үчүн!» деген ураан чакырды. Ал эми «Элдик биримдиктин» өкүлдөрү бул митингди бийлик уюштурган чара катары белгилешти. Райондук милиция бул окуялар боюнча маалымат тараткан жок.

XS
SM
MD
LG