Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Токтогулдук шайлоочулар Бишкек-Ош жолун тосушту


БИШКЕК. № 20 Токтогул шайлоо округунан ат салышкан талапкер Токтосун Мадияровдун жактоочулары 14-мартта район борборуна нааразылык иш-чарасына чыгышып, Ош-Бишкек автожолун тосушту. Мадияровдун ишенимдүү өкүлү Ороз Доксариевдин маалыматына караганда, нааразылык акциясына эки миңден ашуун адам чыкты. Алар шайлоонун экинчи айлампасы олуттуу мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн айтышып, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда. Шайлоонун экинчи турунда аталган шайлоо округунан Токтосун Мадияров менен Тайырбек Сарпашов ат салышкан.

XS
SM
MD
LG