Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Равшан Жээнбековдун тарапкерлери cот отурумун чукул өткөрүүнү талап кылды


БИШКЕК. №70 Бакайата округунунан талапкер Равшан Жээнбековдун 3 миң чамалаш шайлоочусу Талас облустук мамлекеттик бийлик имаратынын алдына нааразылык чараларын уюштурушту. Алар шайлоо ыплас өттү деп, ал үчүн бийликти айыптап жатат. Нааразы болгон эл Бакайата район акиминин милдетин аткаруучу Жеңиш Чынаев менен облустун губернатору Искендер Айдаралиевди кармап алышып, бир аз убакыттан кийин губернаторду бошотушту. Жээнбековду коргоо комитетинин ортомчулугу аркылуу эл губернатордон райондук соттун чукул отурумун өткөрүп, анда талапкердин көп сандаган мыйзам бузууларга байланыштуу сотко берген актыларын чукул кароону талап кылышты. Окуяга жеринде аймактагы кабарчыбыз байкоо жүргүзүп жатат. Равшан Жээнбеков экинчи айлампада 44,09% добуш топтоп, атаандашы Жусуп Иманалиевден утулуп калганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG