Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

ТАГДЫРЫ ЖАНА ТАРЫХЫ ТАТААЛ АКШ-ИРАН АЛАКАЛАРЫ


1979-жылдагы исламдык төңкөрүштөн кийин дүйнөдөн обочолоно түшкөн Иран соңку жылдары Европа, Азия мамлекеттери менен ымала түзүү багытында көп аракет жасады. Кантсе да Тегеран дүйнө коомчулугунун теңата мүчөсү болууну кааларын жашырбайт. Бирок Кошмо Штаттары Иранды мамлекеттик деңгээлде терроризмди колдойт деп айыптап, дүйнөдөгү антитеррордук күрөштүн башкы душманы атап келатат. Тегеран да океандын ары жагындагы атаандашын айыптоо жагынан АКШдан ашса ашат, алды кем калышпайт.

Вашингтондун ишениминде Ирандын терроризмди колдогон мамлекеттик саясаты 1979-жылдын 4-ноябрында башталган. Дал ошол күнү Тегеранда куралчан согушкерлер АКШ элчилигине кол салып, ал жерде иштеген 52 америкалыкты барымтага алганда ирандык полиция кийлигишпей четте карап турган. АКШ элчилигинин өкүлдөрү 444 күн барымтада отуруп, анын айынан АКШ Иран менен дипломатиялык байланыштарын үзүп, туткундагыларды бошотуу операциясын өткөрүп, ал аракет ийгиликсиз аяктаган.

1981-жылдын январь айында ал кездеги АКШ президенти Жимми Картер Тегерандагы элчиликти бошотуу аракети майнапсыз болгонун элге минтип жарыялаган:

- Мен Ирандагы аскердик операция ийгиликсиз аяктаганынан улам бүткүл америкалыктардын кайгысын тең бөлүшөм, - деген Картер анда.

Барымтадагыларды куткаруу операциясы америкалык аскердик учак Ирандагы чөлдүн үстүнөн учуп баратып, кырсыкка учураганынан улам токтотулган. Ал учактагы сегиз аскердин баары курман болушкан.

Гарри Сиг – Ирандагы ислам ыңкылабы жана андан кийинки барымта кризиси тушунда Ак үйдүн кеңешчиси болуп турган. Ал ошол 444 күнгө созулган барымта окуясы маалында Тегеран менен Вашингтондун ортосунда пайда болгон терең жарака азыркыга дейре кедергисин тийгизип келатканын айтат.

- Ирандагы ислам төңкөрүшүнүн алгачкы күндөрүнө көз чаптырсак, ага катышкандар ал кездеги мамлекет башчы - Шахка гана эмес, АКШга да каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Көчөгө чыккандар "Америкага өлүм!" деген ураандарды көтөрүп чыгышкан. Ушундай демонстрациялардан кийин Америка элчилигин барымтага алуу – Ирандагы жалпы маанайдын бир көрүнүшү катары кабыл алынган. Ошентип, Иран Американы элдешкис душманы атап, Америка Иранды "балакеттин башаты" катары сыпаттай баштады. Вашингтон гана эмес, көпчүлүк Батыштык байкоочулар Иран – Жакынкы Чыгыштагы жагдайды оорлотуп, чөлкөмдөгү урушчул күчтөргө колдоо көрсөтүп келатканын белгилешет, - дейт ырасмий Вашингтондун мурдагы кеңешчиси.

Тегеран өз кезегинде 1979-жылкы барымта кризисин АКШдан өч алуу окуясы катары эскерет. Ирандык саясатчылар 1953-жылы өлкөнүн ошол кездеги премьер-министри Мухаммад Мусадектин өкмөтүн кулатууга Вашингтон түздөн-түз кийлигишкен деген көз карашта. Премьер Мусадек анын алдында Ирандын мунай өнөр жайын улутташтырууга жетишкен, ал эми анын өкмөтү кулатылгандан кийин бул тармак чет өлкөлүк компаниялардын башкаруусуна өткөн. Бул окуяларга Вашингтон чынында эле таасир эткенин 2000-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт айым кеч болсо да моюнга алганы бар.



Андан сырткары Тегеран 1979-жылкы ислам ыңкылабы алдында өкмөттү башкарып турган Мохаммад Резанын ишмердигине да Вашингтон бут тоскон деп эсептейт. Эмнеси болсо да, Ирандын өкмөтү өлкөнүн тышкы саясатынын өзөгүн Америкага каршы иш-аракеттер түзөөрүн кайталап келатат. Ислам ыңкылабынын лидери, Аятолла Хомейнинин бардык билдирүүлөрү төмөндөгү сөздөр менен коштолот.

- Биздин милдетибиз - Американын карасанатай иштерин токтотуу, өзүбүздү андай аракеттерден коргоо. Америкадан биз эч кандай жакшылык күтпөйбүз. Алар биздин ички иштерибизге кийлигишкиси келсе, орто жолдо жок кылынаарын эскертип коюшубуз абзел.

Азыркы тапта Америка менен Ирандын ортосундагы мамилелер бири-биринин дарегине душмандык маанайдагы билдирүүлөрдү таратуу менен чектелүүдө. Эки өлкө ортосундагы татаал мамилелердин тарыхы узарган сайын ортодогу чыңалуу улам күчөп бараткансыйт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG