Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

ҮЙБҮЛӨЛҮК ПАРЛАМЕНТ, БОЗҮЙ ЫҢКЫЛАБЫ, КАРЫЗДЫ КЕЧКЕН ПАРИЖ КЛУБУ


15-марттагы “Аалам”, “ Агым” гезиттери парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алгачкы жыйынтыктары тууралуу жазды. 15-марттагы “Агым” гезити жаңы парламенттин курамы тууралуу иликтөө жүргүзгөн.

“Жогорку кеңешке депутат болуп шайлангандардын бир тобу ишкерлер болду. Алар парламентке келип коомдук мыйзамдарга түшүнөт болду бекен? Андан башка да социалдык маселелер толуп жатпайбы. Жаңы парламенттин курамы орто саам болуп калды окшойт ”- дейт журналист Жаныбек Жанызак.

Улуттук гвардиянын башкы командачысы Абдыгул Чотбаевдин пикири боюнча “парламентте популисттердин убактысы бүттү. Жаңы түзүлгөн парламентке чыныгы эл үчүн иштеп, калк үчүн кызмат кылчу адамдар келди”, - дейт генерал Абдыгул Чотбаев. “Мени мурдакы парламенттер деле канаааттандыра алган эмес, буга деле ушундай көз караштамын”, деп жооп берген “Агым” гезитинин сурамжылоосуна юрист Шамарал Майчиев.

“Агымдын” кабарчы Мамат Сабыров “Алга, үйбүлөөлүк парламент!” деген макаласында мындай деп жазат: “Ошентип, ак-көгүш желегин желбиретип, шайлоо учурунда бөксөрө түшкөн капчыгын көтөрүп, Жогорку Кеңешке жаңы состав келди. Президенттин уул-кызы, президенттик администрация жетекчисинин күйөө баласы, министрдин күйөөсү, губернатордун уулу... “Эски коммунисттердин доору бүтүп, жаңы жаш күчтөрдүн келкели келди” деп добулбас кагууда Акүй. Биз аларга кошулуп, “Алга, Кыргызстан!”, “Алга, үйбүлөөлүк парламент!” деп ураан чакыргандан башка аргабыз жок” деп жаңы парламентти талдоого алат “Агым” гезитинде кабарчы Сабыров.

Ушул эле басылмада дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчысы Гүласина Каленова мындайча айтып берди:

- Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышуунун экинчи айлампасынын жүрүшү тууралуу адистердин, байкоочулардын жана шайлоочулардын пикирлери, “Агым” гезитинин кожоюну Мелис Эшимканов талапкер болгон №6 Асанбай шайлоо округунда жана башка округдардагы мыйзам бузуулар тууралуу макалалар жарык көрдү. Өткөн шайлоо тууралуу “Арнамыс” партиясынын билдирүүсү, парламентке шайланган башка улуттардын өкүлдөрү тууралуу пикирлер чыкты.

15-марттагы “Аалам” гезити көз карандысыз байкоочулардын парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы тууралуу пикирлери, шайлоонун алдында бийлик тарабынан эркин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлгөнү, ЖалалабаТ, Ош жана Нарын аймагындагы окуялардын чыгуу себептерин иликтөөгө алынды.

Журналист Кенжалы Сарымсаков менен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, “Эл биримдиги” координациялык кеңешинин республикалык штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаров маектешкенде парламенттик шайлоо, өлкөдөгү саясый кырдаал, элдин талабы тууралуу кеп болот. “Биздин талап - Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү” дейт депутат Азимбек Бекназаров.


Ушул эле басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев айтып берди:

- Шайлоонун экинчи айлампасынын жүрүшүн кеңири чагылдырылып жатат. Белгилеп айта кетчү жагдай, бийликтегилер канчалык таза шайлоо өткөрөбүз дегени менен өздөрү мыйзам бузуп, шайлоонун “шайтан оюндары” болуп жаткандыгы талдоого алынды. Мисалы, Токтогул жана башка шайлоо аймактарында акыл-эсти акча жана бийлик жеңгени тууралуу сын пикирлер бар. Ошондой эле парламентке ат салышкан 30дан ашуун кыз-келинден экинчи турда жеңишке жеткен Бермет Акаева, Ольга Безбородова жана Шарипа Садыбакасова тууралуу да маалымат чыкты.Тоң аймагындагы шайлоодо депутаттыкка талапкерлерге каршы добуш берүүнүн себептери да талдоого алынды. Белгилүү кинорежиссер, коомдук ишмер Болот Шамшиев менен болгон маек орус тилинде жарык көрдү. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов менен интервью да бар. Кыргызстанда “бозүй ыңкылабы” башталганын Роза Отунбаева айтып берген.

14- марттагы “Вечерний Бишкек” парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жүрүшү тууралуу кабарчы Данияр Каримов репортаж берип, шайлоодо татыктуулар тандалып, таза жана калыс өткөндүгүн маалымдады. “Парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңилген оппозиция эмне айла-амал кылаар экен? Шайлоо өнөктүгү учурунда депутаттыкка талапкер катары бийликти, мамлекеттик саясатты жөнү жок сындаган оппозиционерлер бир ууч элди дүрбөтүп, эл тагдырын оюнчук кылаары бышык” деп жазат кабарчы Виктор Виноградов.


15-марттагы “Эркинтоо” 13- марттагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышкан бардык талапкердин канча пайыз добуш алганын толук жарыялады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG