Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

Бейрут сириялык аскерлердин чыгарылышын талап кылды


Ливандын баш калаасынын борборунда 800 миңдей киши чогулуп, бир ай мурда бомба чабуулунан көз жумган экс-премьер Рафик Харирини эскеришти. Алар өлкөнүн ар тарабынан машина, автобус, кайыктар менен келишти. Кечээки демонстрация оппозиция сириялык аскерлерди Ливандан алып кетүүгө чакырык таштагандан берки эң ириси болуп калды. Хариринин өлүмү үчүн Сирияны күнөөлөшүүдө. Ишембиде Сириянын президенти Бириккен Улуттардын өкүлүнө аскерлерин алып кетээрин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG