Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

КАЗАК БАНКТАРЫ КЫРГЫЗ ИШКЕРЛЕРИНЕ КРЕДИТ БЕРҮҮНҮ КӨБӨЙТҮҮДӨ


Сапар Орозбаков, Бишкек Улуттук банктын жетекчилеринин билдирүүсүнө караганда, өткөн бир эле жылдын ичинде коммерциялык банктардын кредиттик куржуну 2 эсе өстү. Алар муну казакстандык банктардын келиши менен байланыштырып жатышат. Улуттук банк Казакстандын банктары өздөрү менен кошо көп суммадагы инвестиция ала келишип, Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө чоң салым кошуп жатат деп эсептейт.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Гүлзара Өмүрзакованын айтымында, өлкөнүн коммерциялык банктары өткөн жылы ишканаларга жана жеке адамдарга баардыгы болуп 5,9 млрд. сом кредит берди. Бул 2003-жылга салыштырганда 2 эсе көп. Бир эле жылдын ичинде банктардын кредиттик куржунун мынчалык өсүп кетишин Гулзара Өмүрзакова казак банктардын келиши менен байланыштырат:

- Банк системасындагы капиталдын жалпы суммасында казактардын капиталы 23% түзөт. Бирок казак банктары канча кредит бергенин карап көрсөк, ал азыр баардык берилген кредиттердин 42% жетет, - деди Гүлзара Өмүрзакова.

Акыркы 2-3 жылдын ичинде Казакстандын банктары Кыргызстандын финансылык рыногуна кызыгып, көп келе баштаган болчу. Азыр Кыргызстандагы 20 коммерциялык банктын бешөөсү казакстандыктарга таандык. Казакстандык банктар Кыргызстандын "Автобанк", "Эридан", "Кайрат", "Энергобанк" өңдүү 4 коммерциалык банктын акциясын сатып алышкан. Андан тышкары кошуна өлкөнүн "Туран–Алем" аттуу банкы Кыргызстанда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачкан.

Казакстандык банктар келе баштаганына байланыштуу биздин өлкөнүн айрым банкирлери Кыргызстандын финансы рыногун казактар басып алмай болду деп чуу чыгарышкан. Алар Улуттук банктын жетекчилери казак банктарына ата мекендик банктарга берилбеген жеңилдиктерди берип, алардын келишине жасалма түрдө жол ачты деп айыпташат:

- Биздин улуттук банк туура эмес иш кылып жатат. Бүгүнкү күндүн мыйзамдары боюнча жаңы банк ачыш үчүн 300 млн. сом керек. Казакстандын банктары болсо биздин банктарды 50-60 млн. сомго арзан сатып алып жатышат. Бул алардын активдеринин 10% гана түзөт. Алар бизге инвестиция салбай эле, биздин акча менен байып жатышат, –
дейт "Ысыккөлинвестбанктын" төрагасы Болот Байкожоев.

Улуттук банктын казакстандык банктарга карата жүргүзгөн саясатын банкирлер гана эмес, башка адистер да катуу сынга алып келишет. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Султанов казакстандык банктар азыр көп кредит берип жатканы менен, түбү өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн коркунучтуу деп эсептейт. Ал Казакстандан келген банктар бийликте турган адамдардын банктары болуп, кокус кошуна өлкөдө бийлик алмашып кетсе, ал биздин өлкөнүн финансы рыногуна алаамат салышы мүмкүн экендигин айтат:

- Казакстандын негизги банктары келип Кыргызстандын финансы рыногун ээлеп алышты. Эгерде Казакстандын банктары чыныгы коммерциялык банктар болсо коркунучтуу эмес эле. Биздин билишибизге караганда бул жакка келген банктардын ортосунда байланыш бар. Адистер алар бир эле топко киришет деп жатышат. Эгерде алар бир топко киришсе, Казакстандын саясий абалынан көз каранды болушса, Казакстанда саясий өзгөрүү болуп кетсе, бул банктардын маселеси биздин банк системасынын маселесине айланат, – дейт Марат Султанов.

Улуттук банктын жетекчилери болсо Казак банктарынын келишинин пайдасынан башка зыяны жок деп айтып келишет. Алар атамекендик банктардын кредиттик портфели чектелүү экендигин белгилешип, анын көбөйүшүн күтүп отура берсе, өлкөнүн экономикасы жакында оңолбосун айтышат. Казак банктары болсо, Улуттук банктын өкүлдөрунүн билдиришинче, Кыргызстандын реалдуу секторунун өсүшүнө чоң салым кошуп жатышат. Гүлзара Өмүрзакованын айтымында, казак банктары быйыл дагы өз кредиттерин көбөйтүшүп, аны жалпы кредиттин 48% жеткирүүнү көздөп жатышат:

- Бул конкретүү цифралар чет өлкөлүк капитал өз кызыкчылыгы үчүн гана иштейт деп айтууга болбой тургандыгын көрсөтүп жатат. Бүгүн бул акчалар жалпы экономиканын пайдасына иштеп жатат, - деди Гүлзара Өмүрзакова.

Улуттук банктын орун басарынын айтымында, жыл ичинде чет өлкөлүк валюта менен берилген кредиттердин үстөк пайызы бир аз төмөндөгөн. Бирок ал доллардын курсунун түшүшүнө жана ага ишенимдин азайышына байланыштуу болгон. Ал эми сом түрүндө берилген кредиттердин үстөк пайызы болсо, мурдагы эле бойдон калган.
XS
SM
MD
LG