Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Орусиянын адам укугун коргоочу уюмдары өлкө бийлигин чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадовду акыркы сапарга узатуу үчүн анын сөөгүн туугандарына берүүгө чакырды. Орус бийликтеринин айтымында, Масхадов террорчу болгондуктан, мыйзамга ылайык анын сөөгү туугандарына берилбеши керек. Орус аскерлери Масхадов өлтүрүлгөнгө чейин жашынган үйдү түп орду менен талкалап салышкан эле. Ал эми Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын шейшембидеги жарыясына караганда, чечен козголоңчуларынын лидеринин дареги жөнүндө маалымат бергендерге мурда убада кылынгандай 10 миллион доллар сыйлык төлөндү.

Орусиянын адам укугун коргоочу уюмдары Аслан Масхадовдун сөөгү туугандарына берилбей жатышы кооптуу кесепеттерге алып барышы мүмкүн экенин эскертүүдө. Алардын пикиринде, Орусия Масхадовдун өлүмүн Чеченстанда дээрлик алты жылдан берки согушта артыкчылыкка ээ болгонун көргөзүүнүн мүмкүнчүлүгү катары пайдаланып жатат.

"Хьюман Райтс Уочт" уюмунун өкүлү Александр Петровдун айтымында, Масхадов тындым кылынар замат орусиялык телеканалдарда анын жылаңачталган денесинин көргөзүлүшү жаңылыштык болду:

- Масхадовдун сөөгү жылаңач түрдө, анын үстүнө бардык мамлекеттик телеканалдардан көргөзүлүшү өкүнүч менен иренжүүдөн башканы жаратпайт. Бул өзгөчө Чеченстан сыяктуу аймакта тынчтыкка жетишүүнүн туура жолу эмес.

Укук коргоочулар азыр Москваны Масхадовду акыркы сапарга узатуу үчүн анын сөөгүн туугандарына бербегени үчүн сынга алышууда. Орусиянын мыйзамдары террорчу деп эсептелген адамдардын сөөгүн өкмөт өзү ылайык деп эсептеген жерде кармоосуна уруксат берет.

Москва Масхадовду Орусиянын аймагында ишке ашырылган бир катар терракттарга, анын ичинде былтыр Бесланда мектептин барымтага алынышына тиешеси бардыгы үчүн айыптаган. Чечен козголоңчуларынын лидери андай айыптарды төгүндөгөн эле, Кремль да эч качан өз ырастоолорун ырасмий далил менен бекемдеген эмес.

"Мемориал" укук коргоо уюмунун Ингушетиядагы өкүлү Асам Байсаевдин пикиринде, чечендердин көпчүлүгү Масхадовду алар 1997-жылы мыйзамдуу жол менен шайлаган президент ирээтинде эстешет. Ошол шайлоочулар эми Масхадовдун сөөгүнүн берилбешин алар бетине көө жапкандык катары көрүшөт. Орусиянын мындай кадамы чечендердин ага каршы чыгуусун күчөтүшү мүмкүн:

-Бул - адамдарга психологиялык таасир берүү, аларды кемсинтүү, басмырлоо, кордоо ыкмасы. Чындыгында ал тескери натыйжа берет. Масхадовдун сөөгү берилбей жатышын адамдар өтө терс кабыл алышууда. Алар кыжырдануусун ачык эле билдирип жатат. Ушул окуялардан кийин өзүн кордолдук, басмырландык деген жаштардын көбү тоого кетчидей.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын шаршембидеги жарыясына караганда, мурда убада кылынгандай чечен козголоңчуларынын лидеринин дареги жөнүндө маалымат бергендерге 10 миллион доллардык сыйлык төлөндү. Бирок бул акчаны канча адам бөлүп алары белгисиз. ФСБ Масхадовдун так дарегин айтып бергендерге 10 миллион доллар сыйлык ыйгарыларын былтыр сентябрда жарыялаган эле. Орус аскерлери болсо Масхадов өлтүрүлгөнгө чейин жашырынган делген үйдү ушул дүйшөмбүдө түп орду менен талкалап салышты. Расмий өкүлдөр муну ал үй жардыргыч заттарга шыкалгандыгы менен түшүндүрүштү.

Анткен менен мындай ырастоо, Масхадов кандайча жок кылынгандыгы жөнүндөгү маалыматтар сыяктуу эле түрдүү жоромолдорго жем таштоодо.

Айрымдар Масхадовдун өлүмү жана ал жашырынган делген үйдү талкалоо менен Орусия чечен козголоңчуларынын лидери кантип курчоого алынганынын чыныгы жагдайын күбөлөндүргөн далилдерди арылууну, ошондой эле Масхадовго баатыр катары адамдардын сыйынуусуна жол бербөөнү көздөдү. Маселен чечендер 1996-жылы өлтүрүлгөн президент Жохар Дудаевдин мүрзөсүнө кез-кези менен зыяратка барып турушат.

Укук коргоочу Асам Байсаев чечендер Масхадовду мүрзөсүн билсе-билбесе да эстеринен шек санабайт:

-Чечендер мусулман болгондуктан алар үчүн сөөк да, мүрзө да чоң мааниге ээ. Мусулмандар сыяктуу эле чечендер да анын жанын Кудай алып кетти деп коюушат.

Укук коргоочу Байсаевдин пикиринде, акыр аягында Орусия Масхадовдун сөөгүн акыркы сапарга узатуу үчүн кайтарып берет. Бирок бул чечендердин Москвага багытталган азыркы кыжырдануусун басуу үчүн кеч болуп калат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG