Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Саясий партиялардын Ысыккөл облусундагы лидерлери президентке кайрылуу жолдошту


КАРАКОЛ. Кайрылуу ээлеринин бири Социал-демократиялык партиянын облустагы бөлүмүнүн лидери Докдурбай Мусабековдун айтымында, парламенттик шайлоо адилеттүү өткөн жок. Шайлоочулар чөнтөгү калың бизнесмендердин акчасына, арагына жана башка утурумдук материалдык буюмдарына алданышты. Шайлоочулардын добуштары көз көрүнө сатылды. Ошондуктан бул жолку парламенттик шайлоону жокко чыгарып, президенттик шайлоодон кийин кайра таза шайлоо өткөрүү талабын сунуштайбыз. «Мындай кадамга баруубуздун бирден бир себеби парламентке татыктуу талапкерлер шайланган жок. Алардын арасында кылмыш дүйнөсүнө аралашкандар, элдин башын акчага айланткандар бар»,- дейт Докдурбай Мусабеков.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG